КР Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-12/75-3-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 "Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин" бекитүү тууралуу" токтому;
- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтому;
- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому.
2. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К.Боконтаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 "Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин" бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинин:
- 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Анын ичинде "ислам терезеси" аркылуу ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик уюмдарга карата Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинин аракети алар банк операцияларын жүргүзүүдө колдонгон атайын терминологияны эске алуу менен мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча үстөк баа/киреше чегерүү бөлүгүнө таркатылат.";
- 1.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Анын ичинде "ислам терезеси" аркылуу ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик уюмдар үчүн пайыз дегенден улам мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча үстөк баа/кирешени түшүнүү зарыл.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобонун:
- 2-тиркемесинин "Баланстык отчет" деп аталган 1-бөлүгүнүн "З. "Ислам терезеси" алкагында банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет" бөлүкчөсүнүн "Г. Башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө" бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"
Г. Башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө
1. Башка активдер
а) банк тарабынан алууга чегерилген сый акы
б) мурабаха боюнча үстөк баа
в) төлөнүп берилген алдын ала төлөө
г) такталбаган дебитордук суммалар
д) баалуу металлдар
е) жана башка активдер
2. Башка активдерге атайын РППУ,
анын ичинде мурабаха боюнча үстөк баага атайын РППУ
3. Башка таза активдер
4. Башка милдеттенмелер
а) кардарларга төлөөгө чегерилген сый акылар
б) мурабаха боюнча келечекте алынуучу пайда
в) төлөөгө салыктар
г) такталбаган кредитордук карыз
д) жана башка милдеттенмелер
".
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун:
- 2-тиркемесинин 1. А. "Баланстык отчет" бөлүгүнүн Д. "Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө" бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Д. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө
(миң сом)
Статьянын аталышы
Бардыгы болуп
Чет өлкө валютасы
1. Башка активдер
а) банк тарабынан алууга чегерилген сый акы
б) мурабаха боюнча үстөк баа
в) төлөнүп берилген алдын ала төлөө
г) такталбаган дебитордук суммалар
д) баалуу металлдар
е) жана башка активдер
2. Башка активдерге атайын РППУ,
анын ичинде мурабаха боюнча үстөк баага атайын РППУ
3. Башка таза активдер
4. Башка милдеттенмелер
а) кардарларга төлөөгө чегерилген сый акы
б) мурабаха боюнча келечекте алынуучу пайда
в) төлөөгө салыктар
г) такталбаган дебитордук карыз
д) төлөөгө дивиденддер
е) жана башка милдеттенмелер
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө ЖОБО (Кыргыз…Положение · 30.03.2011 · № 20/4
- Порядок придания статуса неначисления процентного дохода (утвержден постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 28 апреля 2004 года № 11/2)Порядок · 28.04.2004 · № 11/2
- Об утверждении Положения «О регулятивной банковской отчетности»Постановление · 19.07.2023 · № 2023-П-10/43-5-(НПА)
Шилтеме берет (4)
- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө ЖОБО (Кыргыз…Положение · 30.03.2011 · № 20/4
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 25 августа 2005 года N 26/5 "О некоторых нормативных правовых актах Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 25.08.2005 · № 26/5
- Постановление Правления Национального банка КР от 28 апреля 2004 года № 11/2 " Об утверждении "Порядка придания статуса неначисления процентного дохода"Постановление · 28.04.2004 · № 11/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о Периодическом регулятивном банковском отчете (утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 25 августа 2005 года № 26/5)Положение · 25.08.2005 · № 26/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 ""Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын…Постановление · 30.03.2011 · № 20/4
- Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 15 декабря 1998 года N 34/3 "О Положении о кредите последней инстанции"Постановление · 15.12.1998 · № 34/3 · Күчүн жоготкон