Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) токтому 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-12/75-2-(НПА) Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Мурабаха операциясын эсепке алуу тартиби бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ислам каржылоо принциптери боюнча, анын ичинде "ислам терезеси" аркылуу иш алып барган коммерциялык банктар:
- 2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык маалыматтык банк системасын автоматташтыруу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштасын;
- 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясаттарын Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибине ылайык келтирсин.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К.Боконтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Мурабаха операциясын эсепке алуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА)Порядок · 29.12.2021 · № 2021-П-12/75-2-(НПА)
- Граждандык кодекске банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин колдонууну караган өзгөртүүлөр киргизилдиЗакон · 12.06.2026
- "О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об утверждении Порядка по учету операции мурабаха" от 29 декабря 2021 года №…Постановление · 25.01.2023 · № 2023-П-12/4-3-(НПА)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 16.11.2022 · № 2022-П-12/70-1-(НПА)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 27.04.2026 · № 2026-П-12/26-3-(НПА)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон