Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук Банк Башкармасынын (БС) «Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-35/75-7-(БС) Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун бекитилген күндөн кийин Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К. Боконтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫНаправления · 29.12.2021 · № 2021-П-35/75-7-(БС)
- "Об основных направлениях развития платежной системы Кыргызской Республики на 2023-2027 годы"Постановление · 29.03.2023 · № 2023-П-14/20-4-(ПС)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон