Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-декабры № 48/11 Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу;
- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча" Нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө;
- 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Иштеп жаткан коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар ушул токтом күчүнө киргенден тартып бир ай ичинде товардык белгини пайдалануу келишимин "Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө" Жобонун 4-1-пунктунун талаптарына ылайык келтирсин.
6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-декабрындагы № 48/11 токтомуна тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү жобонун:
- 4.2-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;";
- 4.9-пунктунун 1-пунктчасынын:
экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "а) банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;"; пунктча төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "и) аффилирленген банктарды, ушул пунктун 1-пунктчасынын "в" пунктчасында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация же консервация чарасы киргизилген же болбосо жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20%;
к) чет өлкө банкынын филиалы үчүн - ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан жана ошол мамлекеттердин валютасында ачылган башка филиалдарындагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган.";
- 4.13-пунктунун 1-пунктчасынын:
экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;"; пунктча төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- аффилирленген банктарды, ушул пунктун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация же консервация чарасы киргизилген же болбосо жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20%;
- чет өлкө банкынын филиалы үчүн - ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан жана ошол мамлекеттердин валютасында ачылган башка филиалдарындагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар.";
- 11.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"11.1. Банктын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100% ашпоого тийиш.".
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча" Нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 1-эскертүүсү төмөнкү редакцияда берилсин: "(1) ОЭСР - Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org дареги боюнча расмий сайтта жайгаштырылган.".
4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө нускоонун:
- 3.1-пунктунун 3.1.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.1.1. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ар бир чет өлкө валютасы боюнча ачык узун/кыска валюта позицияларынын өлчөмү төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
а) Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин валюталары жана/же ЭВФ менен "Келишимдер статьясынын" 8-статьясына кол койгон өлкөлөрдүн валюталары үчүн банктын таза суммардык капиталынан 15%. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org дареги боюнча расмий сайтта ал эми ЭВФ менен "Келишимдер статьясынын" 8-статьясына кол койгон өлкөлөрдүн тизмеги www.imf.org дареги боюнча расмий сайтта жайгаштырылган;
б) ЭВФ менен "Келишимдер статьясынын" 8-статьясына кол койбогон өлкөлөрдүн валюталары үчүн банктын таза суммардык капиталынан 0% (жабык позиция).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) ""Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын…Постановление · 29.12.2021 · № 2021-П-12/75-1-(БС)
- Инструкция по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков Кыргызской Республики(утверждена постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики…Инструкция · 21.07.2004 · № 18/2
- ИНСТРУКЦИЯ "О порядке соблюдения лимитов открытой валютной позиции и открытой позиции в драгоценных металлах коммерческими банками на территории Кыргызской Республики"…Инструкция · 29.12.2004 · № 36/13
- "Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо" (Улуттук банк Башкармасынын…Постановление · 14.06.2013 · № 19/2 · Күчүн жоготкон
- Об утверждении Инструкции по определению стандартов достаточности (адекватности) капитала коммерческих банков Кыргызской РеспубликиПостановление · 12.10.2022 · № 2022-П-12/63-1-(НПА)
- Об утверждении Положения "Об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками Кыргызской РеспубликиПостановление · 14.12.2022 · № 2022-П-12/78-7-(НПА)
- "Об утверждении Положения "Об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками Кыргызской Республики".Постановление · 27.12.2019 · № 2019-П-12/68-3-(НПА)
Шилтеме берет (7)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) ""Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын…Постановление · 29.12.2021 · № 2021-П-12/75-1-(БС)
- Положение об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками и финансово-кредитными учреждениями, лицензируемыми Национальным банком…Положение · 21.07.2004 · № 18/1
- ИНСТРУКЦИЯ "О порядке соблюдения лимитов открытой валютной позиции и открытой позиции в драгоценных металлах коммерческими банками на территории Кыргызской Республики"…Инструкция · 29.12.2004 · № 36/13
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/2 "Об утверждении новой редакции Инструкции по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков…Постановление · 21.07.2004 · № 18/2
- Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 29 декабря 2004 года № 36/13 "Об утверждении Инструкции "О порядке соблюдения лимитов открытой валютной…Постановление · 29.12.2004 · № 36/13
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/1"Об утверждении Положения об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими…Постановление · 21.07.2004 · № 18/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 "Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата…Постановление · 14.06.2013 · № 19/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон