КР Улуттук Банк Башкармасынын (ПС) «»Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-декабры № 2021-П-14/66-1-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө" (кошо тиркелет) жобо бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, "KG (КЕЙ-ЖИ) төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К. Боконтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын…Положение · 01.12.2021 · № 2021-П-14/66-1-(ПС)
Шилтеме берет (2)
- Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын…Положение · 01.12.2021 · № 2021-П-14/66-1-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон