Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) „Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 17-ноябры №2021-П-15/63-1-(НПА) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага:
К. Боконтаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 2021-П-15/63-1-(НПА) токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын:
- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Күрөө катары сунушталуучу кредит портфелинин түзүмүндөгү лизинг портфелинин жалпы үлүшү 20% ашпоого тийиш.";
- 15-пунктунун:
5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "5) Автотранспорт, эгерде ал кредиттин негизги суммасынын 10% ашпаган өлчөмдө кыймылсыз мүлк түрүндөгү негизги күрөөгө карата кошумча күрөөлүк камсыздоо катары саналса;"; төмөнкү мазмундагы 8-пунктчасы менен толукталсын: "8) Улуттук банк тарабынан эмитирленген, аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын (күрөө катары).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата…Постановление · 27.12.2017 · № 2017-П-15/54-4-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптар" (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №2017-П-15/54-4-(НПА)…Требования · 27.12.2017 · № 2017-П-15/54-4-(НПА)