Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын от (ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 „Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-сентябры № 2021-П-14/50-2-(ПС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
5. Төлөм системаларынын башкармалыгы:
- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын жана коммерциялык банктарын тааныштырсын;
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген тартипте жөнөтсүн.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 2021-П-14/50-2-(ПС) токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:
- таблицанын 4-бөлүгүнүн "Бюджеттик эмес мекемелердин жана жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, активдер жана милдеттенмелери үчүн төлөөлөр":
"Башка категорияларга кирбей калган товарлар" 411-тобу төмөнкү редакцияда берилсин: "
41100000
Башка категорияларга кирбей калган товарлар
41100100
Түрү боюнча классификацияланбаган почта пакеттери
41100200
Түрү боюнча классификацияланбаган атайын операциялар жана товарлар
41100300
Монетардык эмес алтын (алтын кендеринен жана кошулмаларынан башка)
41100400
Кеңсе товарларын сатып алуу
41100500
Күйүүчү-майлоочу материалдарын (бензин, дизель, башка күйүүчү отун) сатып алуу
41100600
Запастык бөлүктөрдү сатып алуу
"; "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү" 46-категориясы төмөнкү редакцияда берилсин: "
46000000
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү
46001100
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү
46001200
Басмаканалардын кызмат көрсөтүүлөрү
46001300
Жарнама-басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр
46001400
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр
46001900
Жана башка кызмат көрсөтүүлөр
"; "Төлөмдөр жана которуулар" 552-тобу төмөнкү редакцияда берилсин: "
55200000
Төлөмдөр жана которуулар
55201000
Банктар аралык которуулар
55202000
Активдер менен алмашуу
55203000
Эсепти толуктоо
55204000
Эсепти тейлегендик үчүн төлөө
55205000
Валютаны нак акчага айландыруу үчүн төлөө
55206000
Банктар аралык клиринг системасынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөр
55207000
Гросс үчүн төлөөлөр
55208000
Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактабагандык үчүн төлөө
55209000
Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактагандык үчүн компенсациялар
55210000
Туура эмес же артыкча чегерилген акча каражаттарынын суммасын кайтаруу
55211000
Төлөм тапшырмасында реквизиттердин туура эмес көрсөтүлүшүнө байланыштуу акча каражаттарынын кайтарылышы (сторно)
55212000
Казыналыктын күндөлүк эсебинин сальдосун жабуу
55213000
Туунду компанияларга инвестициялар
55214000
Акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу
55220000
Референдумдун шайлоо / үгүттөө фонддорунун эсептерине акча каражаттарынын түшүүсү:
55221000
- талапкердин жеке каражаттары
55222000
- саясий партиялардын жеке каражаттары
55223000
- жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулугу
55224000
- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу
55299000
Башка төлөмдөр жана которуулар
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51-4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" бекитүү тууралуу " токтомуПостановление · 30.11.2007 · № 51/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик классификатору (КР Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген)Классификатор · 30.11.2007 · № 51/4
- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 15-январындагы № 2020-П-14/1-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм…Постановление · 15.01.2020 · № 2020-П-14/1-1 (ПС)
- Приказ Минобороны КР от 4 мая 2000 года № 106 "О введении в действие Положения о прохождении срочной военной службы солдатами, сержантами и старшинами Вооруженных Сил Кыргызской…Приказ · 04.05.2000 · № 106 · Күчүн жоготкон