Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) „Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 12-апрели № 2021-П-33/17-2-(НФКУ) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) "Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) "Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 20-пунктундагы "аманаттарда (депозиттерде) жана коммерциялык банктардын эсептеринде" деген сөздөр "коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарда (депозиттерде)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Мында, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында, кепилдик фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарга (депозиттерге) жайгаштыруу лимиттерин кепилдик фонддун өздүк капиталынан 40% чегинде белгилөөгө жол берилет.".
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомун, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу ЭРЕЖЕЛЕРИ "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме"Правила · 09.09.2019 · № 2019-П-33/47-3-(НФКУ)
- "Об утверждении Правил регулирования деятельности гарантийных фондов"Постановление · 28.02.2024 · № 2024-П-12/8-3-(НПА)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) "Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.09.2019 · № №2019-П-33/47-3-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон