Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын (ПС) «СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу төлөм уюмдарына\төлөм системаларынын операторлоруна инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 28 декабря 2020 года № 2020-П-14/75-2-(ПС) "О признании утратившим силу постановления Правления Национального банка Кыргызской Республики "О временных мерах по приостановлению инспекторских и предварительных проверок платежных организаций/операторов платежных систем/заявителей в связи с распространением коронавирусной инфекции COVID-19" от 29 июня 2020 года № 2020-П-14/38-6-(ПС)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-12-28.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-14/75-2-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-июну № 2020-П-14/38-6-(ПС) СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу төлөм уюмдарына\төлөм системаларынын операторлоруна инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө Төлөм уюмдарына\төлөм системаларынын операторлоруна инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө жеринде барып алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери арасында СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү жана жугузуу тобокелдигин азайтууга багытталган чараларды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун (мындан ары - Жобо) 21-пунктун аткаруу, анын ичинде төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча маселелерди кароонун алкагында жеринде барып текшерүүгө байланышкан аталган Жобонун 19-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келишине алдын-ала текшерүү жүргүзүү бөлүгү убактылуу токтотулсун.
2. 2020-жылдын 1-июлунан тартып, төлөм системасында күтүүсүз чара көрүүнү талап кылган учурлардан тышкары, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү убактылуу токтотулсун.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын, төлөм системаларынын операторлорун жана "KG (КЕЙ ДЖИ) төлөм системасынын операторлору ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу
Н.Жениш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-14/75-2-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-июнундагы № 2020-П-14/38-6-(ПС)…Постановление · 28.12.2020 · № 2020-П-14/75-2-(ПС)
Шилтеме берет (3)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону…Постановление · 02.09.2019 · № 2019-П-14/46-1-(ПС)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-14/75-2-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-июнундагы № 2020-П-14/38-6-(ПС)…Постановление · 28.12.2020 · № 2020-П-14/75-2-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №…Положение · 02.09.2019 · № 2019-П-14/46-1(ПС)