Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-июну № 2019-П-09/34-2-НПА Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ТОЛУКТООЛОР
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобонун:
- 10-пункту төмөнкү мазмундагы 4-1 пунктчасы менен толукталсын:
"4-1) орун алган ликвиддүүлүк көйгөйлөрүн жөнгө салуу жана суралып жаткан кредитти төлөө боюнча чараларды чагылдырган, Директорлор кеңеши жана Башкармасы тарабынан бекитилген банктын иш-чаралар планы;";
- жобо төмөнкү мазмундагы 14-1-пункту менен толукталсын:
"14-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобонун:
- жобо төмөнкү мазмундагы 19-1-пункту менен толукталсын:
"19-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобосу (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 14.06.2017 · № 09/24-6
- Положение о кредите последней инстанцииПоложение · 14.06.2017 · № 2017-П-09/24-6-(НПА)
Шилтеме берет (4)
- (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 токтому менен бекитилген) Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" убактылуу жобоПоложение · 03.09.2015 · № 50/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12/34-4-(НПА) "Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобону жана "Мезгил-мезгили менен берилүүчү…Постановление · 28.06.2019 · № 2019-П-12/34-4-(НПА
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Положение о кредите последней инстанцииПоложение · 14.06.2017 · № 2017-П-09/24-6-(НПА)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 03.09.2015 · № 50/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июну № 2017-П-09/24-6-(НПА) "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.06.2017 · № 09/24-6
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-апрелиндеги №208 "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөѳ…Постановление · 02.04.2009 · № 208 · Күчүн жоготкон