Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 14-марты № 2019-П-12/11-1-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ачык акционердик коомун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 2019-П-12/11-1-(НПА) токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча" Нускоону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун:
- 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.4. Банктын финансылык туруктуулугун жана ишинин туруктуулугун сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн "банк капиталынын кошумча запасын" ("капитал буфери" индекси) колдоо жөнүндө талап белгиленет. "Капитал буфери" индекси суммардык капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештиги) коэффициентин эсептөө сыяктуу эле аныкталат. "Капитал буферинин" индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.".
2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндө" жобонун:
- 13.1-1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Об утверждении Инструкции по определению стандартов достаточности (адекватности) капитала коммерческих банков Кыргызской РеспубликиПостановление · 12.10.2022 · № 2022-П-12/63-1-(НПА)
- Об утверждении Положения "Об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками Кыргызской РеспубликиПостановление · 14.12.2022 · № 2022-П-12/78-7-(НПА)
- "Об утверждении Положения "Об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими банками Кыргызской Республики".Постановление · 27.12.2019 · № 2019-П-12/68-3-(НПА)
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/1"Об утверждении Положения об экономических нормативах и требованиях, обязательных для выполнения коммерческими…Постановление · 21.07.2004 · № 18/1
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/2 "Об утверждении новой редакции Инструкции по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков…Постановление · 21.07.2004 · № 18/2
- Инструкция по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков Кыргызской Республики(утверждена постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики…Инструкция · 21.07.2004 · № 18/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.