Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (ПС) «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-февралы № 2019-П-14/9-4-(ПС) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 7-1-пункттун эске албаганда, токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору, коммерциялык банктар-электрондук акча эмитенттери 2021-жылдын 1-январына чейин өз ишин 7-1-пунктунун талаптарына ылайык келтирсин.
5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты, "Төлөм системасынын операторлору ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин жана электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлорун тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-14/9-4-(ПС) токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ТОЛУКТООЛОР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобонун:
- 6-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын жүгүртүлүшүн камсыз кылган банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы. Улуттук төлөм системасынын электрондук акча менен эсептешүү боюнча оператору - төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган "бирдиктүү терезе" түзүлөт.";
- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашуу жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча менен эсептешүү операторунун аппараттык-программалык комплексинин функцияларына дал келүүгө тийиш.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген)Постановление · 30.03.2016 · № 15/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 ""Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2016 · № 15/6 · Күчүн жоготкон