Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 января 2018 года № 56 "Об утверждении Положения о порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-01-29.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 2-апрели №209 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 533-IV токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2.2.2-пункттун биринчи абзацында "республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен гана" деген сөздөр "мамлекеттик бюджеттин каражатынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.2.3-пункттун акыркы абзацы алып салынсын;
- 5.4-пункттун 1-пунктчасында "республикалык" деген сөз "мамлекеттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.7, 15.2, 19.5-пункттар жана 30.1-пункттун 21, 22, 23-пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүннүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 56
- ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген) Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 56
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүннүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон