Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-августу № 2018-П-12/33-6-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- "Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтому;
- "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтому.
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Коммерциялык банктарга Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун 4.3-пунктунун 6-пунктчасын аткаруу үчүн төмөнкүдөй мөөнөттөр белгиленсин:
- 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 30-июнуна чейин - кредиттик тобокелдиктин деңгээли 110%;
- 2019-жылдын 1-июлунан 2019-жылдын 31-декабрына чейин - кредиттик тобокелдиктин деңгээли 130%;
- 2020-жылдын 1-январынан - кредиттик тобокелдиктин деңгээли 150%.
4. Коммерциялык банктарга Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун 4.3-пунктунун 7-пунктчасын аткаруу үчүн төмөнкүдөй мөөнөттөр белгиленсин:
- 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 30-июнуна чейин - кредиттик тобокелдиктин деңгээли 130%;
- 2019-жылдын 1-июлунан 2019-жылдын 31-декабрына чейин - кредиттик тобокелдиктин деңгээли 160%;
- 2020-жылдын 1-январынан - кредиттик тобокелдиктин деңгээли 200%.
5. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ачык акционердик коомун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун:
- 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.4. Банктын финансылык жана иш туруктуулугун сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн "банк капиталынын кошумча запасын" ("капитал буфери" индекси) колдоо жөнүндө талап белгиленет. "Капитал буфери" индекси суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештиги) коэффициентин эсептеген сыяктуу эле аныкталат. "Капитал буферинин" индексинин мааниси 18% өлчөмүндө белгиленет. Кардарлардын депозиттеринин жана кредиттеринин үлүшү бүтүндөй банк тутумунун кардарларынын депозиттеринин жана кредиттеринин жалпы суммасынын тиешелүүлүгүнө жараша 8% жана андан ашыгын түзгөн банктар үчүн "капитал буферин" индексинин 20% кем эмес деңгээлде колдоо зарылчылыгы тууралуу талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет, мында "Коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуулук критерийлери жөнүндө" жобонун нормалары да эске алынат. Ушул пункттун максатында "депозиттер" дегенден улам, юридикалык жактардын анын ичинде бийлик органдарынын депозиттери жана жеке адамдардын эсептерин түшүнүүгө болот.";
- 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.5. Эгерде, дивиденддердин төлөөгө пландаштырылган суммасын алып салууну эске алуу менен эсептелген "капитал буферинин" индекси Улуттук банк белгилегенден төмөн мааниде болгон шартта, Банк дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу эмес. Дивиденддер төлөнгөндөн кийин "капитал буферинин" индекси Улуттук банк белгилегенден төмөн мааниде болбоого тийиш. Банк уставдык капиталын бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйткөн учурларын эске албаганда, ошондой эле дивиденддердин төлөөгө пландаштырылган суммасын алып салууну эске алуу менен эсептелген "капитал буферинин" индексинин мааниси сакталган шартта, төлөөгө Улуттук банктын уруксатын алууга тийиш.";
- 2.6-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 3.7-пунктунун в) пункчасынын он үчүнчү жана он алтынчы абзацтарында "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн" дегенге алмаштырылсын;
- 4.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.3. Кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөр/контрагенттердин тибине жараша, баланстык активдер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) 1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):
а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары.
Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - Уюм). Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырылган;
б) Улуттук банкка коюлган талаптар;
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарган баалуу кагаздар жана башка талаптар);
г) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына талаптар;
д) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө талаптар (Өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар);
е) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоосу менен активдер (же алардын бөлүгү);
Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу чыгымдар менен жоготуулардын ордун жабуу үчүн камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык;
ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин, ошондой эле "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон мамлекеттердин улуттук валюталарында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган камсыздоосу менен активдер (же алардын бөлүгү).
2) 2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү);
б) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын күндөлүк рынок баасы боюнча камсыз болгон активдер (же алардын бөлүгү).
3) 3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%):
а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;
б) стандарттык куймалардагы алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;
в) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;
г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;
д) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болушкан, отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер.
4) 4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):
а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак-жай сатып алуу же куруу үчүн берилген жана ушул турак-жай боюнча биринчи күрөө менен гарантияланган кредиттер. Аталган категорияга бул үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, б.а. турак-жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда (сатуу, ижарага берүү ж.б.) пайдаланбай турган жактарга берилген ссудалар гана кирет.
Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык мөөнөткө өткөрүлүп жиберилсе жана/же реструктуризацияланган болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.
б) өлчөнгөн куймалардагы алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;
в) коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик программалар, анын ичинде банктардын өз каражаттарынын эсебинен берилген, айыл чарбасын жана экспортко багыт алган жана импортту алмаштыруу жагында иш алып барган ишканаларды каржылоого байланыштуу, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программаларга кредиттер.
Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайталап реструктуризацияланган болсо, анда алар 100% кредиттик тобокелдик деңгээлинде 5-категорияда көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик программаларга республикалык бюджеттен жарым-жартылай же толугу менен каржылоого алынган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен биргеликте каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар.
5) 5-категория (кредиттик тобокелдик - 100%):
а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;
б) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);
в) "Standard & Poor's" рейтингдик агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;
г) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтинг агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;
д) "Standard & Poor's" рейтинг агенттиги тарабынан берилген "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтинг агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;
е) коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана 4-категорияда көрсөтүлгөндөн тышкары башка кредиттер;
ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;
з) инвестициялар жана 3.9-пункттун "б" пунктчасында каралган эсептеп алып салууларды кемитүү менен финансылык катышуу;
и) 1, 2, 3, 4, 6 жана 7-категорияларга кирбеген башка активдер.
6) 6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%):
- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин валютасындагы кредиттерди кошпогондо, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чет өлкө валютасында коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер;
7) 7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 200%):
- жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада кредит берүү учурунда номиналдык жылдык чени 30% же андан ашык болгон кредиттер;
- 8.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8.4. Банк Улуттук банктан акционерлерге дивиденддерди төлөө үчүн уруксат алууга милдеттүү. Дивиденддер төлөө боюнча Улуттук банкынан уруксат алуу үчүн документтер акционерлердин жалпы жыйынына чейин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча планы жана экономикалык ченемдерди аткаруу боюнча эсептер, ошондой эле пландаштырылган дивиденддерди төлөөлөрдүн суммасын эске алуу менен эсептелген "капиталдын буфери" индекси банктын документтерине тиркелген болушу керек. Банктын туруктуулугуна, ошондой эле кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыктарына коркунуч пайда болгон учурда, Улуттук банк дивиденддердин төлөнүшүнө тыюу салат же чектөөлөрдү белгилей алат, эгерде:
а) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;
б) банктын капиталынын шайкештик коэффициенттеринин мааниси Улуттук банк белгилеген минималдуу чектерден төмөн болгон учурда;
в) "капитал буферинин" индекси дивиденддер төлөнгөндөн кийин, Улуттук банк белгилеген минималдуу маанилерден төмөн болсо;
г) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга карата камдар Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлбөгөн же жетишсиз өлчөмдө түзүлгөн учурда;
д) банк мурдагы жылдар үчүн жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымдарга ээ болсо;
е) бул банктын финансылык абалынын начарлашына алып келсе;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Эгерде, Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чечим кабыл алган жана дивиденддерди төлөө учурунда төлөөгө кудуретсиздик белгилерине ээ болсо же аталган белгилер дивиденддерди төлөө натыйжасынан улам пайда болсо, анда банк акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу эмес. Эгерде, артыкчылык берилген акциялар боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда Банк жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу эмес.";
- Нускоого тиркемеде:
"Кредиттер жана лизингдер" бөлүмү төмөнкү редакцияда берилсин: "Кредиттер жана лизингдер (миң сом)
№
Статьялар
Баланс боюнча
Кредиттик тобокелдик, %
Салмакталып алынган маани
240
Кыргыз Республикасынын банктарына кредиттер
0
0
240.1
0%
240.2
10%
0
240.3
20%
0
240.4
50%
0
240.5
100%
0
240.6
150%
0
250
КМШ өлкөлөрүнүн банктарына жана финансы уюмдарына кредиттер
0
0
250.1
0%
250.2
10%
0
250.3
20%
0
250.4
50%
0
250.5
100%
0
250.6
150%
0
260
КМШ өлкөлөрүнөн тышкары чет өлкө банктарына жана финансы уюмдарына кредиттер
0
0
260.1
0%
260.2
10%
0
260.3
20%
0
260.4
50%
0
260.5
100%
0
260.6
150%
0
270
Мамлекеттик секторлорго сунушталуучу кредиттер
0
0
270.1
0%
270.2
10%
0
270.3
20%
0
270.4
50%
0
270.5
100%
0
280
Мамлекеттик эмес секторго сунушталуучу кредиттер
0
0
280.1
0%
280.2
10%
0
280.3
20%
0
280.4
50%
0
280.5
100%
0
280.6
150%
0
280.7
200%
0
290
Жеке адамдардын жеке максаттарына кредиттер
0
0
290.1
0%
290.2
10%
0
290.3
20%
0
290.4
50%
0
290.5
100%
0
290.6
150%
0
290.7
200%
0
300
Мамлекеттик секторго ипотекалык кредиттер
100%
0
310
Мамлекеттик эмес секторго кредиттер
100%
0
310.1
150%
0
310.2
200%
0
320
Жеке адамдарга ипотекалык кредиттер
0
0
320.1
50%
0
320.2
100%
0
320.3
150%
0
320.4
200%
0
"; "Кредиттер жана лизингдер (уландысы)/башка активдер" бөлүмү төмөнкү редакцияда берилсин: "Кредиттер жана лизингдер (уландысы)/башка активдер (миң сом)
№
Статьялар
Баланс боюнча
Кредиттик тобокелдик, %
Салмактанып алынган маани
330
Мамлекеттик секторго курулушка сунушталуучу кредиттер
0
0
330.1
0%
330.2
10%
0
330.3
20%
0
330.4
50%
0
330.5
100%
0
340
Мамлекеттик эмес секторго курулушка сунушталуучу кредиттер
0
0
340.1
0%
340.2
10%
0
340.3
20%
0
340.4
50%
0
340.5
100%
0
340.6
150%
0
340.7
200%
0
350
Жеке адамдарга курулушка сунушталуучу кредиттер
0
0
350.1
0%
350.2
10%
0
350.3
20%
0
350.4
50%
0
350.5
100%
0
350.6
150%
0
350.7
200%
0
360
Капиталдык ижарага кредиттер
0
0
360.1
0%
360.2
10%
0
360.3
20%
0
360.4
50%
0
360.5
100%
0
360.6
150%
0
360.7
200%
0
370
Негизги каражаттар
100%
0
380
Банктын башка менчиги
100%
0
390
Консолидацияланбаган банктарга инвестициялоо жана финансылык катышуу
Капиталдан эсептеп алып салуу
400
Банктардан тышкары консолидацияланбаган финансы уюмдарга инвестициялоо жана финансылык катышуу
Капиталдан эсептеп алып салуу
410
Консолидацияланбаган финансылык эмес мекемелерге инвестициялоо жана финансылык катышуу
100%
0
420
Алууга чегерилген пайыздар
0
0
420.1
0%
0
420.2
10%
0
420.3
20%
0
420.4
50%
0
420.5
100%
0
430
Башка активдер
0
0
430.1
Материалдык эмес активдер
Капиталдан эсептеп алып салуу
430.2
Башка активдердин калган бөлүгү
100%
0
440
Бардыгы болуп баланстык активдер (10-430-статьялар суммасы)
0
0
450
1-категория боюнча бардыгы болуп
0
0%
460
2-категория боюнча бардыгы болуп
0
10%
0
470
3-категория боюнча бардыгы болуп
0
20%
0
480
4-категория боюнча бардыгы болуп
0
50%
0
490
5-категория боюнча бардыгы болуп
0
100%
0
491.1
6-категория боюнча бардыгы болуп
0
150%
0
492.2
0
200%
0
500
Капиталдан эсептеп алып салуулар бардыгы болуп
0
";
- "Капитал жана капиталдын адекваттуулугунун коэффициенттери" бөлүгүнүн:
890-статьясы төмөнкү редакцияда берилсин: "890 Консолидацияланбаган банктарга, финансы-кредит уюмдарына жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына инвестициялар (200.1-230.1-ст., 390-ст., 400-ст.)"; төмөнкү мазмундагы статья менен толукталсын: "990 Өздүк (регулятивдик) капитал".
2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык регулятивдик отчет жөнүндө" жобонун:
- 2-тиркемесинде:
"Банк капиталын эсептөө" 15-бөлүгүнүн "Кредиттер жана лизингдер" 15.3-бөлүкчөсү жана "Кредиттер жана лизингдер (уландысы)/ башка активдер" 15.4-бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин: "15.3-бөлүк. Кредиттер жана лизингдер (миң сом)
№
Статьялар
Баланс боюнча
Кредиттик тобокелдик, %
Салмактанып алынган маани
240
Кыргыз Республикасынын банктарына кредиттер
0
0
240.1
0%
240.2
10%
0
240.3
20%
0
240.4
50%
0
240.5
100%
0
240.6
150%
0
250
КМШ өлкөлөрүнүн банктарына жана финансы уюмдарына кредиттер
0
0
250.1
0%
250.2
10%
0
250.3
20%
0
250.4
50%
0
250.5
100%
0
250.6
150%
0
260
КМШ өлкөлөрүнөн тышкары чет өлкө банктарына жана финансы уюмдарына кредиттер
0
0
260.1
0%
260.2
10%
0
260.3
20%
0
260.4
50%
0
260.5
100%
0
260.6
150%
0
270
Мамлекеттик секторго кредиттер
0
0
270.1
0%
270.2
10%
0
270.3
20%
0
270.4
50%
0
270.5
100%
0
280
Мамлекеттик эмес секторго кредиттер
0
0
280.1
0%
280.2
10%
0
280.3
20%
0
280.4
50%
0
280.5
100%
0
280.6
150%
0
280.7
200%
0
290
Жеке адамдардын жеке максаттарына кредиттер
0
0
290.1
0%
290.2
10%
0
290.3
20%
0
290.4
50%
0
290.5
100%
0
290.6
150%
0
290.7
200%
0
300
Мамлекеттик секторго ипотекалык кредиттер
100%
0
310
Мамлекеттик эмес секторго ипотекалык кредиттер
100%
0
310.1
150%
0
310.2
200%
0
320
Жеке адамдарга ипотекалык кредиттер
0
0
320.1
50%
0
320.2
100%
0
320.3
150%
0
320.4
200%
0
Аткаруучунун кол тамгасы: _______________________
15.4-бөлүк.
КРЕДИТТЕР ЖАНА ЛИЗИНГДЕР (уландысы)/БАШКА АКТИВДЕР (миң сом)
№
Статьялар
Баланс боюнча
Кредиттик тобокелдик, %
Салмактанып алынган маани
330
Мамлекеттик секторго курулушка сунушталуучу кредиттер
0
0
330.1
0%
330.2
10%
0
330.3
20%
0
330.4
50%
0
330.5
100%
0
340
Мамлекеттик эмес секторго курулушка сунушталуучу кредиттер
0
0
340.1
0%
340.2
10%
0
340.3
20%
0
340.4
50%
0
340.5
100%
0
340.6
150%
0
340.7
200%
0
350
Жеке адамдарга курулушка сунушталуучу кредиттер
0
0
350.1
0%
350.2
10%
0
350.3
20%
0
350.4
50%
0
350.5
100%
0
350.6
150%
0
350.7
200%
0
360
Капиталдык ижарага кредиттер
0
0
360.1
0%
360.2
10%
0
360.3
20%
0
360.4
50%
0
360.5
100%
0
360.6
150%
0
360.7
200%
0
Аткаруучунун кол тамгасы: _______________________
370
Негизги каражаттар
100%
0
380
Банктын башка менчиги
100%
0
390
Консолидацияланбаган банктарга инвестициялоо жана финансылык катышуу
Капиталдан эсептеп алып салуу
400
Банктардан тышкары консолидацияланбаган финансы уюмдарына инвестициялоо жана финансылык катышуу
Капиталдан эсептеп алып салуу
410
Консолидацияланбаган финансылык эмес мекемелерге инвестициялоо жана финансылык катышуу
100%
0
420
Алууга чегерилген пайыздар
0
0
420.1
0%
0
420.2
10%
0
420.3
20%
0
420.4
50%
0
420.5
100%
0
430
Башка активдер
0
0
430.1
Материалдык эмес активдер
Капиталдан эсептеп алып салуу
430.2
Башка активдердин калган бөлүгү
100%
0
440
Бардыгы болуп баланстык активдер (10-430-статьяларынын суммасы)
0
0
450
Бардыгы болуп 1-категория боюнча
0
0%
460
Бардыгы болуп 2-категория боюнча
0
10%
0
470
Бардыгы болуп 3-категория боюнча
0
20%
0
480
Бардыгы болуп 4-категория боюнча
0
50%
0
490
Бардыгы болуп 5-категория боюнча
0
100%
0
491
Бардыгы болуп 6-категория боюнча
0
150%
0
492
Бардыгы болуп 7-категория боюнча
0
200%
0
500
Бардыгы болуп капиталдан эсептеп алып салуулар
0
Аткаруучунун кол тамгасы: _______________________".
- 15.7-бөлүкчөсү "Капитал жана капиталдын адекваттуулугунун коэффициенттери" төмөнкү мазмундагы статья менен толукталсын: "990 Өздүк (регулятивдик) капитал".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (3)
- Инструкция по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков Кыргызской Республики(утверждена постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики…Инструкция · 21.07.2004 · № 18/2
- Об утверждении Инструкции по определению стандартов достаточности (адекватности) капитала коммерческих банков Кыргызской РеспубликиПостановление · 12.10.2022 · № 2022-П-12/63-1-(НПА)
- Об утверждении Положения «О регулятивной банковской отчетности»Постановление · 19.07.2023 · № 2023-П-10/43-5-(НПА)
Шилтеме берет (4)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 25 августа 2005 года N 26/5 "О некоторых нормативных правовых актах Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 25.08.2005 · № 26/5
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/2 "Об утверждении новой редакции Инструкции по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков…Постановление · 21.07.2004 · № 18/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/3 "Об утверждении новой редакции Положения "О классификации активов и соответствующих отчислениях в резерв на…Постановление · 21.07.2004 · № 18/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о Периодическом регулятивном банковском отчете (утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 25 августа 2005 года № 26/5)Положение · 25.08.2005 · № 26/5
- "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 21.07.2004 · № 18/3
- Инструкция о порядке составления годовой, квартальной и месячной бухгалтерской отчетности организациями здравоохранения" ( Утверждена приказом Министерства финансов Кыргызской…Инструкция · 20.10.2003 · № 271-П · Күчүн жоготкон
- Приказ Министерства здравоохранения КР от 29 октября 2003 года № 479 "Об утверждении инструкции "О порядке составления годовой, квартальной и месячной бухгалтерской отчетности…Приказ · 29.10.2003 · № 479 · Күчүн жоготкон