Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «»Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 9-декабры № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/6, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/11 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
3. Коммерциялык банктар:
- бюджеттик уюмдардын эмгек акы долбоорлорун, бюджетке/бюджеттен төлөмдөрдү 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө улуттук "Элкарт" системасына которуу планын иштеп чыгып, 2016-жылдын 1-мартына чейин Улуттук банктын кароосуна сунушташсын;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын доллардан арылтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жана республиканын мыйзам талаптарына ылайык соода-тейлөө ишканаларында орнотулган бардык терминалдарды улуттук валютадагы төлөмдөрдү гана кабыл алууга ыңгайлаштырууну камсыздашсын.
4. Бул токтом, "Кыргыз Республикасындагы банктык карттар жөнүндө" жобонун 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш болгон 74-пунктун эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/6, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты жана эл аралык төлөм системаларын тааныштырсын.
8. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы коммерциялык банктарды лицензиялоо процессин ушул токтомго ылайык ишке ашырсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (9)
- "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген)Положение · 09.12.2015 · № 76/8
- Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобосуПоложение · 08.12.2021 · № 2021-П-14/68-7-(ПС)
- "Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" жобосу (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 2017-Б-14/48-3-(ПС) токтому менен…Положение · 16.11.2017 · № 2017-П-14/48-3-(ПС)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар…Инструкция · 13.06.2019 · № 2019-П-12/31-2-(НПА)
- КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-14/23-11-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз…Постановление · 15.08.2018 · № 2018-П-14/33-4-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы № 4/6 токтому менен бекитилген "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз…Положение · 28.01.2009 · № 4/6 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы №2018-П-14/5-3-(ПС) "Төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системалары үчүн камсыздандыруу…Постановление · 14.02.2018 · № 2018-П-14/5-3-(ПС) · Күчүн жоготкон
- О временных сроках представления отчетности в электронном формате коммерческими банками, платежными организациями и операторами платежным систем Кыргызской Республики в…Постановление · 03.04.2020 · № 2020-П-14/20-2-(ПС)
Шилтеме берет (7)
- "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген)Положение · 09.12.2015 · № 76/8
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө ЖОБОПоложение · 14.10.2009 · № 41/7
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөЗакон · 21.01.2015 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/6 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76\8 "Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 21.12.2016 · № 49/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз…Постановление · 26.12.2018 · № 2018-П-14/58-8-(ПС)
- КР Улуттук банк Башкармасына 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 25.09.2013 · № 35/19
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 " "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому"Постановление · 14.10.2009 · № 41/7
- Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-январындагы № 28/9-5 "Токмок ш. КИКнын курамынан КТТды чогултуу жана чыгаруу участогун бөлүп чыгаруу жолу аркылуу кайра уюштурууга жана…Постановление · 28.01.2022 · № 28/9-5
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-14/47-7-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 27.07.2022 · № 2022-П-14/47-7-(ПС)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-14/75-4-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм…Постановление · 29.12.2021 · № 2021-П-14/75-4-(НПА)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 2022-П-14/18-3(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы N 76/8 "Кыргыз…Постановление · 29.03.2022 · № 2022-П-14/18-3-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/11 " "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 30.11.2011 · № 67/11
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон