Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы үчүн материалдык-техникалык база түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 октября 2009 года №656 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 сентября 2008 года № 518 «О Программе приватизации государственного имущества в Кыргызской Республике на 2008-2012 годы»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-10-19.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-марты №199 Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы үчүн материалдык-техникалык база түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасын кызматтык жайлар менен камсыз кылуу, ошондой эле объекттерди мамлекеттик менчикте сактоо жана аларды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы №518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.
- аталган токтом менен бекитилген, 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына № 4 тиркеменин "Башка объекттер" бөлүгүнүн 92-пункту алынып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Бишкек шаардык мэриянын 2006-жылдын 26-июлундагы № 527 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Курулуш департаментине берилген, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 11 дареги боюнча жайгашкан жер участогун, ошондой эле бул участокто тургузулуп жаткан объекттерди Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн объектти кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн объектке жумушчу долбоорду калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү үчүн объектти бүтүрүүгө долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына объекттердин курулушун бүтүрүү үчүн зарыл каражаттарды берилген сметаларга ылайык бөлүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 25 дареги боюнча жайгашкан имаратта ээлеген жайларын берилип жаткан объекттин курулушу аяктаганга жана аны пайдаланууга киргизгенге чейин сактап турсун.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июнундагы № 297-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-ноябрындагы № 497-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-апрелиндеги № 165-б буйругу.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен…Программа · 17.09.2008 · № 518
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №656 "«2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 19.10.2009 · № 656 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-ноябрындагы №497-б буйругуРаспоряжение · 22.11.2005 · № 497
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-апрелиндеги №165-б буйругуРаспоряжение · 11.04.2006 · № 165
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июну № 297-б (Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 18.06.2008 · № 297-р
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө".Постановление · 17.09.2008 · № 518 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №656 "«2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 19.10.2009 · № 656 · Күчүн жоготкон