Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 22-ноябры № 497-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-апрелиндеги №165-б буйругунун
редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенине
байланыштуу жана Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 11 дарегиндеги
(Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет) "Кыргыз Республикасынын туњгуч Пре-
зидентинин Коомдук китепканасынын публика бөлүгүн реконструкциялоо"
объектисинин курулушун бүтүрүүгө финансылык каражат жоктугуна байланыш-
туу, ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн толуктоо мак-
сатында:
1. Бишкек шаарынын мэриясы жогоруда аталган объектти куруу үчүн
бөлүнгөн жер участогун аныкталган тартипте тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство укукту аныктоочу документтер-
ди берүү маселесин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу
боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Кыр-
гыз Республикасынын туњгуч Президентинин Коомдук китепканасынын публика
бөлүгүн реконструкциялоо" объектинде аткарылган жумуштар үчүн подряддык
жана долбоордук мекемелерге бересени жоюу үчүн "Капиталдык салымдар"
статьясы боюнча кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 2006-жылы 1710,6 мињ сом
суммада каражат бөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-апрелиндеги №165-б буйругуРаспоряжение · 11.04.2006 · № 165
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №199 "Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы үчүн материалдык-техникалык база түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2009 · № 199 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 152
- кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.12.2005 · № 655 · Күчүн жоготкон
- Временное положение о Советах попечителей государственных высших учебных заведений Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента КР от 18 апреля 2002 года УП №91)Положение · 18.04.2002 · № 91 · Күчүн жоготкон