39-2-статья. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө өндүрүлгөн жол иштерин ишке ашыруунун бардык баскычтарын көзөмөлдөө буюртмачы тарабынан жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен камсыз кылынат. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо ушул бөлүмдүн жол жумуштары үчүн жоболору 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо учурларын кошпогондо, ушул бөлүмүнүн жол жумуштары үчүн жоболору 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн бааларын аныктоонун усулу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2015-жылдын 2-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулу (туруктуу техникалык көзөмөлдөө)" (1-Тиркеме 2017-жылдын 6-июлу № 226 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана…Порядок · 06.07.2017 · № 226
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 417 "Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык…Приказ · 28.12.2017 · № 417
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-39-2" title="39-2-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>