39-1-статья. Көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун максаты
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун максаты жол жумуштарын жүргүзүүнүн бардык баскычтарында аны жүргүзүүнүн сапатын камсыз кылуу болуп саналат. Буюртмачы - автомобиль жолдору карамагында (балансында) турган мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Көтөрмөчү - менчигинин түрүнө карабастан, автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жол жумуштарын жүргүзүүгө буюртмачы менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак. Жол консультациялык кызматтары - автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлгө алууну жүзөгө ашыруу боюнча жана жол жумуштарын жүргүзүүдө уюштуруу жана жол жумуштарынын өндүрүш технологиясы боюнча сунуштамаларды (көтөрмөчү тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон) иштеп чыгуу боюнча кызматтар. Кеңешчи-инженер - жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүчү жана буюртмачынын же көтөрмөчүнүн түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналбаган жеке же юридикалык жак. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө базалык баалар - автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө каражаттардын көлөмүн пландаштыруу үчүн гана пайдаланылуучу жол консультациялык кызматтарынын түрлөрүнүн наркы. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткаруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликтерге алып келет. Автордук көзөмөл - эксплуатацияга киргизилүүчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык жана башка техникалык чечимдеринин долбоордук чечимдерге ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашыруу. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл - курулуш процессинде аткарылган жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашыруу. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-39-1" title="39-1-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>