73-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун максаттары
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
73-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 73-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Айыл чарба багытындагы жерлер жеке жана юридикалык жактар тарабынан үрөн өстүрүү, асыл тукум жана товардык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү, коргой турган токой тилкелерин отургузуу, багбанчылык, короо-жай, дачалык курулуш, илим-изилдөө, тажрыйба иштери, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө байланыштуу башка максаттар үчүн пайдаланылат.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:
- ачык жана айкын соодалардын негизинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ижарага берүү үчүн;
- үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чарбаларды жана мамлекеттик сорт сыноочу мекемелерди, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин иштеши үчүн;
- аларды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына ылайык, калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн;
- аталган чарбанын чегинен тышкары иштеген жана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккандар), аталган чарбанын аймагына 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашоого келген жарандарга орточо чарбалык жер үлүшүн берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу үчүн.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулушутарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2011 года № 117 "О внесении изменения и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…орточо чарбалык жер үлүшүн берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу … жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № алынып салынды: 117 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 117, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 19 "Мал көмүлүүчү жайды куруп-салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2017 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 242-т (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине…Распоряжение · 10.04.2026 · № 242-т
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-73" title="73-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>