Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 92 га болгон сугат айдоо жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 10-апрели № 242-т
Илимий негизделген селекциялык стационарды калыбына келтирүү, дан өсүмдүктөрүнүн, жүгөрүнүн жана фабрикалык кант кызылчасынын жаңы сортторун жана гибриддерин чыгаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, баштапкы үрөнчүлүктү көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө багытталган дыйканчылыкты, кыртыш таанууну, агрохимияны жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу стратегияларын иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө, 73-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, З. Кайназарова атындагы айыл аймагы дарегинде жайгашкан, № 68, № 70, № 71, № 72 контурлардагы мамлекеттик менчикте турган, идентификациялык коддору: 7-08-18-0003-0093; 7-08-18-0003-0094; 7-08-18-0003-0095; 7-08-18-0003-0096, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 92 га болгон сугат айдоо жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин;
2) жогоруда аталган жер тилкесин кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жана ага болгон укукту кайра каттоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине болгон укукту белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон