22-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна
Күчүн жоготкон · 20.06.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 235.
киргизилген көрсөтүү жана өтүнүч боюнча аракеттер.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна түшкөн көрсөтүү же
өтүнүч конституциялык сот өндүрүшүн козгоо маселесин чечүү үчүн Консти-
туциялык соттун судьясына өткөрүлүп берилет.
Көрсөтүүнү же өтүнүчтү текшергенден кийин судья беш күндүн ичинде
аныктамасы менен конституциялык сот өндүрүшүн козгойт жана ишти Консти-
туциялык соттун жыйналышына даярдайт, же болбосо конституциялык сот
өндүрүшүн козгоодон баш тартуу аныктама чыгарып, материалдарды арыз ээ-
сине кайтарып берет.
Судья конституциялык сот өндүрүшүн козгоодон төмөнкүдөй учурларда
баш тартат:
1) көрсөтүүнүн же өтүнүчтүн түрү жана мааниси ушул Мыйзамдын
21-статьясынын талаптарына жооп бербесе;
2) көрсөтүү же өтүнүч ылайыксыз органдан же адамдан (субъектиден)
келип түшсө;
3) көрсөтүүнү же өтүнүчтү ишти Конституциялык сотто жүргүзүүгө
укуксуз тараптын өкүлү киргизсе, же болбосо өкүл ушул Мыйзамда каралба-
ган жак болсо;
4) киргизилген көрсөтүүдө же өтүнүчтө көрсөтүлгөн талаптар Консти-
туциялык соттун кароосуна жатпаса;
5) көрсөтүүдө же өтүнүчтө көрсөтүлгөн дооматтын Конституцияга ыла-
йыктуулугу Конституциялык сотто мурда текшерилсе жана Конституциялык
соттун өз күчүн сактаган актысы болсо;
6) көрсөтүүдө же өтүнүчтө келтирилген дооматтар Кыргыз Республика-
сынын Конституциясында чечилбеген болсо.
Конституцияга ылайыктуулугу талаш туудурган акты жокко чыгарылса
же күчүн жоготушу Конституциялык сот өндүрүшүн козгоодон баш тартууга,
же болбосо козголгон иштер боюнча конституциялык сот өндүрүшүн кыскар-
тууга алып келет.
Козголгон сот өндүрүшү боюнча судья эки айлык мөөнөттө ишти кароо-
го даярдоого милдеттүү жана бул үчүн ал төмөнкүлөрдү аткарат:
1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга ушул Мыйзамда каралган
процессуалдык укуктарын жана милдеттерин түшундүрөт жана Конституциялык
сотко көрсөтүү үчүн далилдерди чогултууга көмөктөшөт;
2) кайрылган тарапты сурайт;
3) ишке зарылдыгы бар тийиштүү документтерди жана башка маалыматты
талап кылып сурап алат;
4) тийиштүү кызмат адамдарын жана башкаларды сурайт;
5) зарыл болсо окумуштууларды, иштин көзүн билген кызматкерлерди,
адис, эксперт катары тартат; текшерүү, изилдөө, экспертиза жүргүзүүнү
тапшырат;
6) күбөлөрдүн, адистердин, эксперттердин чөйрөсүн аныктайт;
7) ар башка жактардын бири-бири менен байланыштагы дооматтарын бир
эле сот өндүрүшүнө бириктирүү, же болбосо бир кайрылууда көрсөтүлгөн
карамагына кирбеген ар кандай дооматтарды бөлүү маселесин чечет;
8) тарап коюлган маселени өз ыктыяры менен алып койгон учурда сот
өндүрүшүк кыскартуу жөнүндө аныктама чыгарат;
9) жыйналыш башталгандан он күн мурда иштин материалдарынын
көчүрмөлөрүнүн Конституциялык соттун судьяларынын жана жыйналыштын ка-
тышуучуларынын бардыгына тапшырылышы камсыз кылат;
10) иштин жыйналышта кароого дайындалышы жөнүндө аныктама чыгарат,
жыйналыштын катышуучуларына каралбайт жана зарыл адамдардын келишин
камсыз кылат;
11) колдогу материалдардын негизинде чечимдин долбоорун даярдайт;
12) иштин туура чечилишин камсыз кылуу максатында башка аракеттер-
ди жасайт.
Келтирилген дооматтарды өзгөчө татаалдыгына, же алардын бөтөнчө
маанисине ишти кароого даярдоо бир нече судьяга тапшырылышы, ал эми да-
ярдоо мөөнөтү Конституциялык соттун Төрагасы тарабынан бир айдан ашпа-
ган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Конституциялык сот өндүрүшүн козгоо же андан баш тартуу жөнүндөгү
аныктамага тараптар Конституциялык сотко анын Төрагасы аркылуу даттана
алышат. Бул маселенин кароосунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот
өзүнчө аныктама кабыл алат.
Берененин тексти 20.06.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (16)
- Решение Конституционного суда КР от 1 июля 2008 года (По ходатайству граждан Абдирасуловой Азизы Папановны и Сопуева Жаныбека Аттокуровича о признании статьи 11 Закона Кыргызской…Решение · 01.07.2008
- Решение Конституционного суда КР от 17 апреля 2001 года (по ходатайству акционерного коммерческого банка "Курулуш-Банк" о признании неконституционными и несоответствующими пункту…Решение · 17.04.2001
- (Русский) Решение от 5 апреля 2000 годаРешение Конституционного суда · 12.02.1999
- Решение Конституционного суда Кыргызской Республики от 12 мая 2004 года (По ходатайству граждан Токталиева Акина Усубалиевича, Орозалиева Кенжалы Орозалиевича и Турарова Уларбека…Решение · 12.05.2004
- Решение Конституционного суда КР от 3 декабря 1997 года по ходатайствам граждан Смирновой В.Н., Матисаева А.А. и Жумагазиева З. о признании неконституционными и…Решение · 03.12.1997
- Решение Конституционного суда КР от 5 декабря 1997 года по ходатайству президента ЗАО "Ак-Кеме" Сарымсакова Р.А. и представлению заместителя Торага ЗС ЖК КР Сыдыкова Ш.М. о…Решение · 05.12.1997
- Решение Конституционного суда КР от 5 апреля 2000 года (По ходатайству Гостаможинспекции КР о признании неконституционными и несоответствующими статьям 79, 84, 87 и 90…Решение · 05.04.2000
- (Русский) Решение от 3 декабря 1997 годаРешение Конституционного суда · 13.12.1996
- (Русский) Решение от 5 декабря 1997 годаРешение Конституционного суда · 05.12.1997
- (Русский) Решение от 14 октября 1997 годаРешение Конституционного суда · 10.10.1997
- (Русский) Решение от 12 июля 1999 годаРешение Конституционного суда · 06.11.1998
- (Русский) Решение от 17 апреля 2001 годаРешение Конституционного суда · 07.11.2000
- (Русский) Решение от 28 февраля 2003 годаРешение Конституционного суда · 10.04.1998
- (Русский) Решение от 12 мая 2004 годаРешение Конституционного суда · 10.03.2004
- (Русский) Решение от 14 мая 2004 годаРешение Конституционного суда · 01.03.2004
- (Русский) Решение от 1 июля 2008 годаРешение Конституционного суда · 16.04.1994
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/777/st-22" title="22-статья - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>