Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын мыйзам базаларын инвентаризациялоо боюнча жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы абал боюнча маалыматы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-июну № 778-VI Кыргыз Республикасынын мыйзам базаларын инвентаризациялоо боюнча жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы абал боюнча маалыматы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин "Кыргыз Республикасынын мыйзам базаларын инвентаризациялоо боюнча жасалган иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы абал боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Жогорку Кеңештин токтомдорун жана чечимдерин аткарууну, башка ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоону камсыздоо, Жогорку Кеңештин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзамдык укук актыларын даярдоо боюнча так чараларды көрсүн;
- мыйзам базаларын инвентаризациялоо боюнча жасалган иштер жөнүндө маалыматты угуунун жүрүшүндө айтылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушун иликтесин жана ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизсин, ошондой эле аларды инвентаризациялоону жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча жасалган иштердин жыйынтыктары жөнүндө 2016-жылдын ноябрына карата Жогорку Кеңешке маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" № 24-VI токтому менен бекитилген маселелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Ч. Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы № 451 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткарууну артыкчылыктуу багыт деп эсептөө тууралу) буйругуРаспоряжение · 05.08.2016 · № 451
- КР ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР 2017-жылдын 14-июнундагы № 82 ( Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйрукРаспоряжение · 14.06.2017 · № 82
Шилтеме берет (1)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 24-VI · Күчүн жоготкон