Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткарууну артыкчылыктуу багыт деп эсептөө тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 5-августу № 451 Аткаруу бийлиги органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 778 "2016-жылдын 1-мартына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзам базаларын инвентаризациялоо боюнча жасалган иштер жөнүндө маалыматы тууралуу" токтомунун 2-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери:
- иштеринде мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткарууну артыкчылыктуу багыт деп эсептешсин;
- жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун даярдоого байланышкан мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткаруу боюнча талаптагыдай ишти камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин ушул буйруктун тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдө мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткаруу жөнүндө маалымат беришсин;
- ушул пунктта аталган ишти жүргүзүүгө жеке жоопкерчилик жетекчинин орун басарларынын бирине жүктөлсүн;
- жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларды аткаруу боюнча талаптагыдай эмес иши үчүн жооптуу кызматкерлерге карата таасир берүүчү тартиптик жаза чараларын көрүшсүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
- тейлеген мамлекеттик органдар тарабынан тармактык мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышын туруктуу негизде контролдошсун;
- квартал сайын тейлеген мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматты жалпылоо менен, тармактык мыйзамдарды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүшсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбеген мөөнөттө ушул буйруктун тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгү аркылуу мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткаруу жөнүндө отчет жиберишсин;
- ушул пунктта аталган иштерди жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларына жүктөлсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Тиркеме
Форма 20____-жылдын "___" ________________ 20____-жылдын "___" ________________ чейинки мезгилде мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө МААЛЫМАТ
№
Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аталышы (реквизиттерди көрсөтүү менен)
Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткарууда кабыл алынган ЧУА (аталышы, реквизиттер)
Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткарууда кабыл алынбаган ЧУА (аткаруу стадиясы)
Жооптуу мамлекеттик органдар
Эскертүү
1
2
3
4
5
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР 2017-жылдын 14-июнундагы № 82 ( Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйрукРаспоряжение · 14.06.2017 · № 82
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн" РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругу менен…Регламент · 08.11.2016 · № 590 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 778-VI "Кыргыз Республикасынын мыйзам базаларын инвентаризациялоо боюнча жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 23.06.2016 · № 778-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.