Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Парламенттик радионун Кыргыз Республикасынын аймагын камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 21 апреля 2016 года № 486-VI "О признании утратившим силу постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики "О расширении зоны охвата парламентского радио территории Кыргызской Республики" № 192-V от 18 февраля 2011 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-04-21.
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 486-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-февралы № 192-V Парламенттик радионун Кыргыз Республикасынын аймагын камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын республиканын бүткүл аймагына радиодон уктуруу жөнүндө жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Парламенттик радионун республиканын бүткүл аймагын камтуу зонасын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын уктурууну камсыз кылуу үчүн 2011-жылга республикалык бюджеттен 1878991,0 сом суммасындагы каржы каражаттарын издеп тапсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын жазуу түрүндө "Биринчи" радиосунун программасы боюнча жыйналыштар күндөрүндө 19 саат 30 мүнөттөн тартып уктурууну камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан өтүнүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин - Иш башкармалыгы (Р.П.Касымов) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын уктуруп туруу жөнүндө келишимди Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен жыл сайын түзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов) жүктөлсүн.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 486-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик…Постановление · 21.04.2016 · № 486-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон