Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын долбооруна кеткен чыгымдарды иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-январы № 221-VI Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын долбооруна кеткен чыгымдарды иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 382-VI токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" депутаттык фракциясынын 2016-жылдын 15-январындагы жыйынынын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскады" ЖАК биргелешкен мекемеси тарабынан 37 млн. АКШ доллары суммасында вахталык шаарчанын курулушуна байланышкан маселени ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Ж.А.Мусабекова
М.Ж.Мискенбаев
Т.К.Исаев
И.И.Матраимов - КСДП депутаттык фракциясынан;
Р.А.Казакбаев
Ж.К.Турускулов
К.Ш.Баймуратов - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Т.А.Масабиров
Т.К.Конушбаев - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;
Ч.И.Джакупова - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;
А.Н.Шыкмаматов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарылчылыкка жараша өз ишине ушул маселенин профили боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын адистерин жана эксперттерди тартууга укуктуу.
4. Комиссия жүргүзүлгөн ишинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 30-июнуна чейин маалымдасын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 382-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Төраганын орун басары
Н. Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1155-VI "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү…Постановление · 01.12.2016 · № 1155-VI
- КР Жогоорку кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 382-VI "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу долбооруна чыгымдарды иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 17.03.2016 · № 382-VI
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.