Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-01-11.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-январындагы N 56-IV токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 18-сентябры № 2018-III Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-1-главасын конституциялык эмес жана 2003-жылдын 2-февралындагы референдум менен кабыл алынып, 2003-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган, 1993-жылдын 5-майында он экинчи чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин он экинчи сессиясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 3 жана 5-пункттарына, 7 жана 12-статьяларына, 22-статьясынын 2-пунктуна, 58 жана 96-статьяларына ылайык келбейт деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечимин талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-статьясына ылайык Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча жогорку сот бийлик органы болуп саналарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда көрсөтүлгөн чечимди чыгарууда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы жана 2003-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күчүн жоготкон ченемдерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламентин бузуу менен сот акыйкаттыгына жатпаган чечим чыгаргандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана колдонуудагы мыйзамдарына каршы келген чечим чыгаргандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун курамына ишеним көрсөтпөө билдирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1993-жылдан берки ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:
К.К.Байболов;
А.А.Бекназаров;
Р.С.Мамыров;
А.Матубраимов;
М.О.Мукашев;
С.К.Нышанов;
Д.М.Сабиров;
К.К.Ташиев;
Б.Э.Шерниязов.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Бекназаров депутаттык комиссиянын төрагалыгына шайлансын.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишин иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө депутаттык комиссиянын маалыматы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага
М.Султанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2046-III "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө"…Постановление · 02.10.2007 · № 2046-III
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-январы № 56-IV "2007-жылдын 18-сентябрындагы № 2018-III"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 11.01.2008 · № 56-IV
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-январы № 56-IV "2007-жылдын 18-сентябрындагы № 2018-III"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 11.01.2008 · № 56-IV
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О новой редакции Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.02.2003 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон