Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 6-майы № 5073-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, М.Ю.Абдылдаев, Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.С.Самаков, А.Н.Измалкова, М.Г.Мадеминов, З.И.Бекбоев, И.К.Гусаров, У.С.Чолпонбаев, Ж.К.Кудайбергенов, А.Э.Суракматов, Д.А.Жумабеков, К.Ж.Рыспаев, И.А.Пирматов, Д.Ш.Исаева, Н.А.Нарматова, К.З.Мурзабеков, Н.Н.Бадыкеева, А.Ш.Султанов, У.Т.Кочкоров, Ы.К.Кадыралиева, Э.С.Иманалиева, А.А.Калмаматов, А.Ж.Эшимов жана Б.Э.Төрөбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 22.02.2013 · № 28 · Күчүн жоготкон