Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген „Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө“ Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-ноябры № 4520-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Медалга (Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын лауреатынын) 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык кошулат, ал Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржыланат.".
2. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо бөлүгүндө ушул токтомдун 1-пункту 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул токтомдун 1-пункту күчүнө киргенге чейин 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши каржылануучу каражаттардан белгиленсин.
3. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо үчүн 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты мындан аркы жылдарда республикалык бюджеттин чыгашаларынын өзүнчө сабында кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3623-V токтому ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
Төраганын орун басары
Т.Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгынын ЖОБОСУПоложение · 29.06.2012 · № 2253
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3623-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз…Постановление · 27.11.2013 · № 3623-V · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Aйтматов…Постановление · 29.06.2012 · № 2253-V
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгынын ЖОБОСУПоложение · 29.06.2012 · № 2253
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3623-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз…Постановление · 27.11.2013 · № 3623-V · Күчүн жоготкон