Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Aйтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну N 2253-V Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө. (КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармачылыгы, чыгармалары жана эл аралык коомдук ишмердиги менен дүйнөлүк адабияттын жана искусствонун өнүгүшүнө, улуттардын жана элдердин маданияттарынын жакындашуусуна жана өз ара баюусуна, тынчтыкты жана достукту, мамлекеттер аралык руханий байланыштарды чыңдоого зор салым кошкон. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши залкар жазуучунун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу максатка ылайык деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жөнүндө Жобо бекитилсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынан ушул токтомду колдоо суралсын.
3. Акчалай сыйлыктын өлчөмү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылуучу алдыдагы жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жыл сайын аныкталат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Жээнбеков
Ч.Айтматов атындагы медалдын
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Медаль медаль белгисинен жана калыптан турат. Медаль белгиси алтындатылган күмүштөн жасалган. Медалдын бетинде Ч.Айтматовдун капталынан түшүрүлгөн элеси. Медалдын арткы бетинин ортосунда Ч.Айтматовдун бүдүрөйтө түшүрүлгөн кол тамгасы, анын алдында - медалдын номери
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (13)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 3349-VI "2019-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын…Постановление · 13.11.2019 · № 3349-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 3350-VI "2020-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын…Постановление · 13.11.2019 · № 3350-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 4507-VI "2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын…Постановление · 21.04.2021 · № 4507
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 674-VII "2023-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык…Постановление · 30.11.2022 · № 674-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3026-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 3026-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3035-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2019 · № 3035-VI
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгынын ЖОБОСУПоложение · 29.06.2012 · № 2253
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5032-VI "2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын…Постановление · 22.12.2021 · № 5032-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 2500-VII "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык…Постановление · 30.10.2024 · № 2500
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 56-VIII "2026-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер…Постановление · 25.12.2025 · № 56-VIII
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз…Постановление · 27.11.2014 · № 4520-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов…Постановление · 08.05.2019 · № 3043-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3623-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтому менен бекитилген "Көз карандысыз…Постановление · 27.11.2013 · № 3623-V · Күчүн жоготкон