Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «»2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогноз жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 6-ноябры № 735-IV "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогноз жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 27-августундагы № 474 токтом) "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогноз жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору изилделип табылган кошумча каражаттарды эсепке алуу менен биринчи окууда кабыл алынсын, 2009-жылга төмөнкүдөй негизги параметрлер белгиленсин:
- республикалык бюджеттин кирешелери боюнча ИДПга карата салыштырма салмагы 22,6 пайызды түзгөн 44616805,7 миң сом жалпы суммада (анын ичинде өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы 3432707,7 миң сом суммасындагы гранттык каражаттар);
- республикалык бюджеттин чыгымдары боюнча ИДПга карата салыштырма салмагы 24,4 пайызды түзгөн 48105805,7 миң сом жалпы суммада;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин дефицитинин эң чоң өлчөмү ИДПга карата салыштырма салмагы 1,8 пайызды түзгөн 3489000,0 миң сом суммасында.
2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин дефицитин жабууну финансылоого:
- ички булактардан 1511500,0 миң сом;
- тышкы булактардан 1977500,0 миң сом жумшалсын.
2. 2010-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин негизги параметрлеринин прогнозу эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өлкөнүн экономикасына колдоо көрсөтүү жана туруктуулукту жөнгө салуу үчүн стабилизациялык фондду түзсүн жана анын жобосун бул фондго "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын пакетин сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды жана республиканын мамлекеттик мүлкүнүн мамлекеттик акцияларын сатуудан түшкөн каражаттарды кошуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
- уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн төлөгөн каражаттарын өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө топтоштуруу максатында Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандарды легалдаштыруунун иштиктүү механизмдерин иштеп чыксын;
- капиталдык салымдардын каражаттарын приоритеттик тартипте курулуш, өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоого бөлүштүрсүн;
- чыгымдардын корголбогон статьялары боюнча чыгымдарды 10 пайызга кыскартсын жана аларды "капиталдык салымдар" статьясына жөнөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин структурасынан Суу чарба департаментин чыгаруу менен суу чарбасын өнүктүрүү маселесин тескеген өз алдынча структураны түзүү жөнүндө маселени караштырсын.
4. Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирге "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогноз жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо үчүн Жогорку Кеңешке киргизсин.
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.08.2008 · № 474 · Күчүн жоготкон