Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы О.М.Алапаевдин 2006-жылдагы ишине баа берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 4-апрели № 297-IV Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
О.М.Алапаевдин 2006-жылдагы ишине баа берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы О.М.Алапаевдин 2006-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- үч жылдык мезгилге республиканын каржы тутумун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен аракеттеринин стратегиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын республиканын экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү маселелерин чечүүдөгү ролун күчөтүүгө багытталган чараларды; өлкөнүн тышкы карызын түзүү, тутумдуу тейлөө жана эсепке алуу боюнча программаны.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу саясатын борбордук банктардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (КОЭО) ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү катышкан жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин билдирүүсүндө баяндалган жаңы экономикалык саясатты ишке ашырууга байланышкан мыйзам актыларын иштеп чыгууну жана берүүнү тездетсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Ч.Баекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 414-б (Кыргыз Республикасынын финансылык системасын өнүктүрүүнүн үч жылдык стратегиясын иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык…Распоряжение · 16.08.2008 · № 414-р · Күчүн жоготкон