Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын финансылык системасын өнүктүрүүнүн үч жылдык стратегиясын иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүүсү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 12 марта 2010 года № 81-р (О признании утратившими силу некоторых законодательных актов)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-03-12.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы № 81-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 16-августу № 414-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 297-IV токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын финансылык системасын өнүктүрүүнүн үч жылдык стратегиясын иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Чокоев З.Л. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы; Темирбеков М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Нусупбеков К.Ч. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Шамканов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Шамшиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын финансылык системасын өнүктүрүүнүн үч жылдык стратегиясынын долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун методикалык, уюштуруу жана башка иштерин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы № 81-б (Күчүн жоготту деп табуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 12.03.2010 · № 81-р
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 297-IV "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы О.М.Алапаевдин 2006-жылдагы ишине баа берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2008 · № 297-IV
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы № 81-б (Күчүн жоготту деп табуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 12.03.2010 · № 81-р
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.