Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-статья. Чет өлкөлүк мекемелерден, фирмалардан жана алардын өкүлдөрүнөн белек катары граждандардын ээлигине түшкөн буюмдарды сатуудан алынган кирешелер
Күчүн жоготкон · 14.04.1994 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2018 года № 89.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 октября 2009 года № 275
Өздөрү кызматтык милдеттерин аткарууда ишкердик карым-катнаштарды жүзөгө ашыруучу же илим, маданият, искусство, спорт жана д.у.с. жагынан кандайдыр бир башка кесиптик милдеттерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын ээлигине чет өлкөлүк (эл аралык) уюмдардын, мекемелердин, фирмалардын жана алардын өкүлдөрүнүн белектери катары түшкөн кымбат баалуу буюмдарын сатуудан алынган сумма мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш. Мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш болгон кымбат баалуу белектерге наркы мыйзамда белгиленген элүү эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмдөрүнөн жогору болгон буюмдар таандык. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмдар Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Белектерди сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет. Кымбат баалуу белектерди мамлекеттин кирешесине өткөрүп берүүдө же кечиктирүүдө күнөөлүү адамдар колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жооп тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28, 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.04.1994 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/741/st-25" title="25-статья - Бейсалык төлөмдөр (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>