Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Бейсалык төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-10-15.
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары 2009-жылдын 15-октябры № 275
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
2009-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр- гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 17-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тамгалоо төлөмү"; 1- жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тамгалоо төлөмү ички өндүрүштөгү, ошондой эле республикага сатып өткөрүү үчүн алынып келинүүчү кымбат баалуу металлдардан жана асыл таш- тардан жасалган зергер, тиричилик буюмдарына белги коюу, текшерүү жана эн салуу, тамгалоо эн издерин техникалык экспертизалоо, кымбат баалуу металл кошулган буюмдарды жана материалдарды экспертизалоо жана башка лабораториялык иштер үчүн алынат. Тамгалоо көзөмөлүн жүргүзүү тартиби, ошондой эле тамгалоо төлөмү- нүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2. 20-статьяда:
1-бөлүктөгү "Кыргыз Республика Финансы министрлиги менен макулда- шууга ылайык Кыргыз Республика Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республика Финансы министрлигине караштуу Кым- бат баалуу металлдар жана асыл таштар башкармасына өткөрүлүп берилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилет" деген сөздөргө алмашты- рылсын.
3. 24-статья күчүн жоготту деп табылсын.
4. 25-статьяда:
2-бөлүктө "белгиленген" деген сөз "белгиленген элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары- нын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюм- дар Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.12.2017 · № 793 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон