42-статья. Баңгиликтен мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
Адистештирилген дарылоо мекемесиндеги адам баңгиликтен дарылануу режимин жана курсун системалуу түрдө бузуп, анын кесепетинен таасир көрсөтүүчү дарылоо чаралары оң натыйжа бербеген учурда, дарылоо мекемесинин администрациясынын прокурор менен макулдашылган сунушу боюнча жана медициналык корутундунун негизинде дарылоо мекемеси жайгашкан жердеги райондук (шаардык) сот бул адамдын дарылоо мекемесинде болуу мөөнөтүн узартып кое алат. Мында мажбурлап дарылоонун жалпы мөөнөтү он эки айдан ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн сунуш сотко түшкөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен дарылоо мекемесинде болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө ага карата өтүнүч козголуп жаткан адамдын жана анын каалоосу боюнча адвокаттын катышуусунда сот тарабынан каралат. Адистештирилген дарылоо мекемесинде мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө же узартуудан баш тартуу жөнүндө соттун токтомуна кассациялык даттануу берилиши же прокурор тарабынан жалпы тартипте кассациялык сунуш киргизилиши мүмкүн. Адистештирилген дарылоо мекемесинен, ошого тете мындай мекемеге бара жаткан жолдон качкан адам колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопко тартылат.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-42" title="42-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>