41-статья. Баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндө материалдарды сотто кароо
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
41-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 41-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Баңгилерди мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндөгү материалдар ал жашаган жердеги же мындай материалдарды берген орган жайгашкан жердеги райондук (шаардык) сот тарабынан каралат. Баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндөгү материалдарды судья мындай материалдар түшкөн учурдан тартып жыйырма күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен ачык сот заседаниесинде ага карата мындай өтүнүч козголуп жаткан адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, ал эми алардын каалоосу боюнча - жактоочунун катышуусунда жекече карайт. Материалдардын кароочу убактысы жөнүндө судья прокурорго билдирет, прокурордун келбей калышы материалды кароого тоскоолдук кыла албайт. Сот заседаниесинде баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү зарылчылыгы жөнүндө медициналык корутундунун негиздүүлүгү жана адамга карата мындай дарылоону колдонуу зарылчылыгын далилдеген же төгүндөгөн башка иш жүзүндөгү маалыматтар текшерилет. Зарыл учурларда баңгини медициналык текшерүүдөн өткөргөн жана аны мажбурлап дарылоого жөнөтүү зарылчылыгы жөнүндө медициналык корутунду түзгөн медициналык комиссиянын мүчөлөрү (мүчөсү), ошондой эле мындай өтүнүчтү козгогон адам сотко чакырылышы мүмкүн. Материалдар текшерилип, чакырылган адамдардан түшүнүк алынып жана прокурор менен жактоочунун (алар катышкан учурда) пикирин уккандан кийин судья кеңешүүчү бөлмөдө иши каралып жаткан адамды баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндө же мындай дарылоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат. Токтомго кассациялык даттануу берилиши же жалпы тартипте прокурордун кассациялык сунушу киргизилиши мүмкүн. Баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндө соттун токтому ички иштер органдары тарабынан аткарылат.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-41" title="41-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>