31-статья. Конфискация
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июля 2005 года №90
Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү баңгилик каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор, ошондой эле аларды мыйзамсыз даярдоо үчүн пайдаланылуучу жабдуулар Мыйзамда белгиленген тартипте конфискацияланат. Мыйзамдуу жүгүртүүдө пайдалануу максатка ылайыксыз деп табылган баңгилик каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор, ошондой эле аларды даярдоо үчүн жабдуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштар жөнүндөгү иштер сотто каралгандан кийин, сот тарабынан кылмыштуу иш-аракеттин жүрүшүндө сатылып алынган деп таанылган конфискацияланган мүлктүн жана акча каражаттарынын 30 проценти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кылмыштын бетин тикелей ачкан (аныктаган) алгачкы тергөө жүргүзгөн органдарга берилет. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-31" title="31-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>