2-статья. Кыргыз Республикасында контролдукка алынууга тийиш болгон баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун тизмеси
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
Кыргыз Республикасында контролдукка алынууга тийиш болгон баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор Кыргыз Республикасында контролдукка алынууга тийиш болгон баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун Тизмесине (мындан ары-Тизме), мамлекетте колдонулган контролдук кылуучу чараларга жараша төмөндөгүдөй тизмелерге киргизилет:
- адамдарга колдонууга тыюу салынган жана Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттарынын жана мамлекеттик фармакопеянын рецептик маалымдамаларына киргизилбей турган - жүгүртүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасында тыюу салынган баңги кылуучу каражаттардын IV тизмеси жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын I тизмеси;
- Кыргыз Республикасында жүгүртүүсү чектелген жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдерине ылайык контролдук кылуу чаралары белгиленген баңги кылуучу каражаттардын I, II, III жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын II, III, IV тизмелери;
- прекурсорлордун 1, 2 тизмелери - бул химиялык заттар жана алардын туздары, аларды кайра иштеткенде синтетикалык баңги кылуучу каражаттар же акыл-эске таасир берүүчү заттар алынат; ошондой эле баңги кылуучу каражаттарды же акыл-эске таасир берүүчү заттарды даярдоо процессинде пайдаланылуучу, Эл аралык конвенцияларда прекурсорлор катары катталуучу, Мамкомиссия тарабынан тиешелүү тизмелерге киргизиле турган прекурсорлор катары пайдаланылуучу эриткичтер, кычкылдандыруучулар жана өнөр жайда же турмуш-тиричиликте пайдаланылуучу башка химикаттар.
Препараттарга карата алардын ичиндеги баңги кылуучу каражаттарга, акыл-эске таасир берүүчү заттарга жана прекурсорлорго колдонулгандай эле контролдоо чаралары колдонулат. Эгер препараттар Кыргыз Республикасында көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун Тизмесине киргизилген эки же андан ашык затты камтыса, аларга катуураак контролдонуучу заттар үчүн белгиленген контролдоо чаралары колдонулат. Баңги кылуучу каражаттарга акыл-эске таасир берүүчү заттарга окшош нерселерди Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-декабрындагы № 831-токтомуПостановление · 04.12.2015 · № 831
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №469 токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 4-декабрындагы № 831 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш…Постановление · 04.12.2015 · № 831 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-2" title="2-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>