Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй терминдер колдонулат: баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү - буга уруксаты бар мамлекеттик органдардын, жеке жактардын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын жана мекемелердин баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, салып жиберүүгө, берүүгө, сатып өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө, алууга, пайдаланууга, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга байланышкан иши; баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин түрлөрү; баңги кылуучу каражаттарга жана акыл-эске таасир берүүчү заттарга эл аралык квота - 1961-жылдагы баңги кылуучу каражаттар жөнүндө Бирдиктүү Конвенцияга жана 1971-жылдагы акыл-эске таасир берүүчү заттар жөнүндө Конвенцияга катышкан мамлекеттер үчүн БУУнун баңги кылуучу каражаттарга контролдук жүргүзүү боюнча Эл аралык комитети тарабынан, бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү берилген аларга болгон керектөөлөрдү эсептеп чыгаруунун негизинде коюлган баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун лимити; мамлекеттик квота (жылдык керектөө) - Кыргыз Республикасынын баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду керектөөлөрүн эсептеп чыгуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык келишимдерге ылайык белгиленүүчү баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун эң жогорку саны, аларды мыйзамдуу жүгүртүү ушул чектерде жүзөгө ашырылат; баңги кылуучу каражаттар - тиешелүү эл аралык конвенцияларда ушул сыяктуу квалификацияланган синтетикалык же табигый жагынан пайда болгон заттар, алардын препараттары, ошондой эле өсүмдүктөр, ошого тете алардын таасиринен же алар менен кыянаттык кылуудан улам баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасында контролдукка алына турган башка заттар жана өсүмдүктөр; акыл-эске таасир берүүчү заттар - тиешелүү эл аралык конвенцияларда ушул сыяктуу квалификацияланган синтетикалык же табигый жагынан пайда болгон заттар, алардын препараттары, ошого тете алардын таасиринен же алар менен кыянаттык кылуудан улам баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасында контролдукка алына турган башка заттар же ар кандай табигый материалдар; прекурсорлор - эл аралык конвенцияларда баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды даярдоо үчүн пайдаланылуучу химиялык материалдар катарында классификацияланган заттар жана алардын туздары, ошондой эле ушул эле максатта пайдаланылуучу жана Кыргыз Республикасында контролдукка алына турган химиялык заттар жана алардын туздары; өстүрүү - апийимди, кызыл гүлдү жана кара куурайды, БУУнун эл аралык конвенцияларында каралган башка баңги кылуучу каражаттарды камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү; баңги кылуучу каражаттарды же акыл-эске таасир берүүчү заттарды даярдоо - натыйжасында баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын же алардын прекурсорлорунун негизинде пайдаланууга жана керектөөгө даяр баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар же аларды камтыган дары-дармек каражаттары алына турган аракеттер; баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды өндүрүү - баңги кылуучу каражаттарды же акыл-эске таасир берүүчү заттарды химиялык заттардан жана (же) өсүмдүктөрдөн тобу менен алууга багытталган аракеттер; баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды кайра иштетүү - натыйжасында баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды тазалоо (башка аралашмалардан тазалоо) препараттарда алардын концентрациясын жогорулатуу келип чыккан аракеттер, ошондой эле алардын негизинде баңги кылуучу каражаттар же акыл-эске таасир берүүчү заттар болуп эсептелбеген заттарды алуу; баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды бөлүштүрүү - натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык айкын юридикалык жана жеке жактар алар үчүн белгиленген өлчөмдөрдө баңги кылуучу каражаттарды же акыл-эске таасир берүүчү заттарды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруу үчүн ала турган баңги кылуучу каражаттар же акыл-эске таасир берүүчү заттарды ала турган аракеттер; алып келүү (импорт) жана алып кетүү (экспорт) - баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кетүү же аларды башка мамлекеттен Кыргыз Республикасына алып келүү; ташуу - баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын чектеринде бир жерден экинчи жерге которуу; өтө коркунучтуу баңги кылуучу каражаттар жана акыл-эске таасир берүүчү заттар - адамдын ден соолугуна өтө коркунучтуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонуучу баңги кылуучу каражаттардын жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын N 1 жана 2 тизмелерине киргизилген заттар жана препараттар; препарат - контролдоо чаралары каралган баңги кылуучу каражаттардын же акыл-эске таасир берүүчү заттардын бир же бир нече ар кандай физикалык абалдагы аралашмасы; баңги кылуучу каражаттарга, акыл-эске таасир берүүчү заттарга окшош нерселер - Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган, баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун тизмелерине киргизилбеген, Кыргыз Республикасында контролдукка алынууга тийиш болгон, химиялык түзүлүшү жана касиеттери баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын химиялык түзүлүшү жана касиеттери менен окшош болгон, психикалык активдүү таасири аларга окшош болгон синтетикалык же табигый жактан пайда болгон заттар; баңгилик - баңги кылуучу каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында өнөкөт дартка чалдыгууга алып келген жана аларсыз жашоого мүмкүн болбогон абалга келген психикалык жактан оорулуу абал; баңгилик дартына чалдыккан адам (баңги) - кайсыл бир баңги затка бардык жагынан көнүп калган абалда болгон жана белгиленген тартипте медициналык мекеме тарабынан "баңгилик" диагнозу коюлган адам; баңги кылуучу каражаттарды же акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз керектөө - баңги кылуучу каражаттарды же акыл-эске таасир берүүчү заттарды врачтын дайындоосу жок керектөө; медициналык күбөлөндүрүү - баңгилик мас абалында экендигин аныктоо максатында адамды амбулаториялык карап чыгуу; медициналык текшерүү - "баңгилик" диагнозун коюу максатында адамды стационардык шарттарда текшерүү; баңгилер менен иштөөчү мекемелер - мыйзамда белгиленген тартипте баңгилерге жардам көрсөткөн мекеме (бөлүм же кабинет); ыктыярдуу дарылануу - оорулуунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен баңгиликтен айыктыруу үчүн дарылоо; мажбурлап дарылоо - баңгилик дартына чалдыккан, ыктыярдуу дарылануудан качкан же баңги кылуучу каражаттарды врачтын дайындоосу жок керектеген жана башка адамдардын укуктарын бузган адамды соттун чечиминин негизинде дарылоо; медициналык күбөлөндүрүүдөн, медициналык текшерүүдөн же дарылануудан качуу - ички иштер органынын кызматкеринин медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү тууралу буйругун билип туруп аткарбоо, ошого тете баңги кылуучу каражаттарды же акыл - эске таасир берүүчү заттарды кыянаттык менен пайдаланган адамдын, врачтын дайындоолорун жана сунуштарын аткарбашы. ортомчулар - сооданы жүгүртүүгө жардам берүүчү, бирок баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду түпкү керектөөчү болбогон аларды өзү колдонуучу юридикалык жана жеке жактар. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы N 90, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-1" title="1-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>