17-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташуу
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июля 2005 года №90
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду даярдоо, сактоо, бөлүштүрүү, сатуу, ташып кетүү жана ташып келүү, пайдалануу иштерин жүргүзгөн жана ишкерликтин ушул түрүнө лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар гана Кыргыз Республикасынын аймагында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташууну ишке ашырууга укуктуу. Эл аралык ташууну кошкондо, баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташуу тартиби, ошондой эле бул үчүн зарыл документтерди толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды камтыган дары каражаттарды аба, деңиз кемелериндеги жана транспорттун бардык башка түрлөрүндөгү алгачкы жардам аптечкаларында сактоого жана алып жүрүүгө уруксат бере алат. Медицинада колдонуу максатында аларды ушул Мыйзамдын 21 жана 22-статьяларында белгиленген тартипте сатып алышкан граждандарга баңгилик же акыл-эске таасир берүүчү заттарды сактоого жана ташууга уруксат берилет. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-17" title="17-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>