Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» («Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-январы № 3775-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын депутаттары Т. Бакир уулу, Э.А. Кочкарова, Н.А. Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А. Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндөЗакон · 02.07.2007 · № 96 · Күчүн жоготкон