Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө» токтому
2000-жылдын 12-июну № 331
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына жана Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө Талас областтык кеңешинин 1999-жылдын 24-августундагы сессиясынын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өк- мөтү токтом кылат:
1. Талас областтык, Талас райондук, Көпүрө-Базар айыл кеңешинин Талас районун-
дагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп кайра атоо жөнүндө сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар
айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
3. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароо-
суна жиберилсин.
4. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палата-
лары караган учурда Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү У.С.Орозалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А.Муралиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Ресиубликасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-База р айыл кеңеши Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп кайра аталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган учурдан тартын күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67