11-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суу мамилелери жагындагы компетенциясы
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
Акыркы өзгөртүү: 692
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу мамилелери жагынан:
- мамлекеттик суу чарба программаларын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну, аларды инвестициялоону жана финансылоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын суу мамилелери жагындагы иш-аракетин координациялайт;
- сууларды пайдаланууга лицензия берүүнүн жана суу объектилерин концессияга же арендага берүүнүн тартибин белгилейт;
- суу үчүн төлөнүүчү акынын негизги өлчөмүн иштеп чыгат;
- сууларды пайдалануунун, сууларды булгай турган калдыктарды жана анын зыяндуу таасиринин башка түрлөрүн жайгаштыруунун нормативдерин, сууларды пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны аныктоонун жана алуунун тартибин бекитет;
- өзгөчө кырдаалдын зонасында өзгөчө суу пайдалануу режимин белгилейт;
- суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында өзгөчө корголуучу аймактарды уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алат;
- сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу жагынан долбоорлоо, иликтөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди борбордоштуруп координациялоону жүзөгө ашырат;
- сууларды пайдалануу жана коргоо, сууларды мамлекеттик контролдоо жана каттоо тартибин, ошондой эле мамлекеттик суу кадастрын жана суу объекттеринин мониторингин белгилейт;
- суу фондунун жерлерин бөлүү тартибин белгилей жана аларды пайдаланууга берет;
- менчигинин түрүнө жана баш ийүүсүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар суу мыйзамдарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын ишин токтото туруу, чектөө жана биротоло токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- калкты суулардын, суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын абалы жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылат;
Кыргыз Республикасынын суу мамилелери жагындагы тышкы байланыштарына жетекчилик кылат;
- чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана адамдардын суу мамилелери жагындагы ишин жөнгө салат.
(КР 1995-жылдын 28-июлунун жана 26-сентябрындагы № 21-1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 «Кыргыз…Постановление · 07.04.2026 · № 226
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-марты № 137 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 22.03.2016 · № 137 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/729/st-11" title="11-берене - Суу жөнүндөгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>