45-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги субъектилердин укук бузууларынын түрлөрү
Күчүндө · 06.01.2021 редакциясы · VI бөлүм
Төмөндөгүлөр:
- калк жашаган пункттардын жашоо-турмуш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү;
- маалымат берүүдөн баш тартуу;
- аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндигин пайдалануу маселелери боюнча Жер кодексинин, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзам актыларынын талаптарын сактабоо;
- тарых, маданият, шаар куруу жана архитектуралык комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын долбоорлорун бузуу;
- имараттардын жана курулуштардын бекемдигин, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү бузуу;
- автордун уруксатысыз архитектуралык долбоорду жайылтуу же кайталап пайдалануу, долбоорду өзгөртүү, ошондой эле курулган имараттар менен курулуштардын архитектуралык-пландоо чечимдерин өзгөртүү;
- имараттарды жана курулуштарды "өзүм билем деп" куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо, бузуу курулуштардын архитектуралык чечилишин, деталдарын жана элементтерин өзгөртүү;
- курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартибин бузуу;
- долбоорлорду макулдашуу эрежелерин бузуу;
- (абзац КР 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- этабы менен бөлүп-бөлүп кабыл алуунун эрежелерин бузуу;
- экспертизанын жактырылсын деген тыянак корутундусу болбогон учурда курулушту же реконструкциялоону жүзөгө ашыруу;
- ар кандай объектилердин багытын "өзүм билем деп" өзгөртүп куруу;
- долбоорлоонун нормаларын жана эрежелерин бузуу;
- курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу;
- курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу;
- объектилерди пайдаланууга кабыл алуунун эрежелерин бузуу;
- сапаты начар долбоорлоо-курулуш продукциясы үчүн акы төлөө;
- шаар куруу-архитектура ишин лицензиясыз жана сертификатсыз жүзөгө ашыруу;
- аймактардын, имараттардын жана курулуштардын функционалдык багытын өз алдынча өзгөртүү;
- архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын аткаруудан баш тартуу шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар болуп таанылат.
(КР 2013-жылдын 24-майындагы №78 , 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 мая 2013 года № 78 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Положение о порядке проведения экспертизы проектно-сметной документации органами Государственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по архитектуре и строительству (…Положение · 01.03.2004 · № 27 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.05.2019 · № 66
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/716/st-45" title="45-статья - Шаар куруу жана архитектура жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>