39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби
Күчүндө · 06.01.2021 редакциясы · V бөлүм
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар ээ болушат.
1-1. Көп кабаттуу турак үйлөрдү, коомдук, өнөр-жай, суу чарба багытындагы объектилерди, ошондой эле линиялык объектилерди долбоорлоо жана куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте долбоорлоо жана курулуш процесстерин айкалыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Жарандар өзүмдүк турак үй куруу үчүн алышкан жер участокторуна курулуш куруу "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипти бузуу менен объекттерди курууга жол берилбейт.
(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 108, 2019-жылдын 18-майындагы N 66, 2021- жылдын 6-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 января 2021 года № 3 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики", Жилищный кодекс Кыргызской Республики, Земельный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2008 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.01.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар ээ болушат.
кошулду: 1-1. Көп кабаттуу турак үйлөрдү, коомдук, өнөр-жай, суу чарба багытындагы объектилерди, ошондой эле линиялык объектилерди долбоорлоо жана куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте долбоорлоо жана курулуш процесстерин айкалыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Жарандар өзүмдүк турак үй куруу үчүн алышкан жер участокторуна … 2008-жылдын 2-июнундагы N 108, 2019-жылдын 18-майындагы N алынып салынды: 66 кошулду: 66, 2021- жылдын 6-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 507-т (Объекттерди курууда долбоорлоо процесстерин айкалыштырууга уруксат берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 23.09.2022 · № 507-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 239-т (Бишкек шаарынын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, саркынды…Распоряжение · 09.04.2026 · № 239-т
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/716/st-39" title="39-статья - Шаар куруу жана архитектура жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>