Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-апрели № 380-V Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Акыйкатчынын (Омбудсмендин) баяндамасынын жактырылбагандыгына жана Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Жогорку Кеңештин комитети менен Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Жогорку Кеңештин комитети 2011-жылдын 17-январында түзгөн жумушчу топтун корутундусунда көрсөтүлгөн антын бузууга, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-февралындагы № 214-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлеринен келип түшкөн даттанууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 163-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясы (мындан ары - Атайын комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
А.К.Кочкорбаев,
Н.А.Нарматова - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
З.С.Жоошбеков,
Б.С.Кадыров - КСДП депутаттык фракциясынан;
У.А.Аманбаева,
К.С.Айтматов - "Республика" депутаттык фракциясынан";
Т.В.Левина,
Н.Н.Бадыкеева - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Ж.Р.Сапарбаев,
А.А.Досалиев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Атайын комиссия өз корутундусун 7 жумушчу күндүн ичинде даярдасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 22.09.2025 · № 203
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 25-февралындагы № 214-V "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлеринен Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр…Постановление · 25.02.2011 · № 214-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон