Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Жазык жоопкерчилигине тартууда жарандардын конституциялык укуктарынын бузулушунун фактылары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-февралы № 213-V Жазык жоопкерчилигине тартууда жарандардын конституциялык укуктарынын бузулушунун фактылары жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 268-V токтомунун редакциясына ылайык)
Акыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жарандардын кайрылууларынын, ЖМКда республиканын укук коргоо органдары тарабынан жазык иштерин тергөөнүн жүрүшүндө жарандардын укуктарын одоно бузуулардын фактылары жөнүндө жарыялоолордун учурлары көбөйүп кетти, алар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин бузуу менен кылмыштарды жасады деп шек саноо боюнча кармалган тергөө жайларындагы (СИЗО) адамдарга карата кылмыштарды ачуунун жол берилбеген усулдарын колдонот. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мындай укукка каршы аракеттери бүткүл республика боюнча байкалат. Бул маселени калыс иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кылмыш жасады деп шек саноо боюнча кармалган адамдардын жана республиканын тергөө жайларындагы (СИЗО) адамдардын конституциялык укуктарынын бузулушуна байланышкан фактылар боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоонун жана байланыштын техникалык каналдарынан маалымат алуунун мыйзамдуулугун депутаттык териштирүү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 246-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 268-V токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн:
Д.А.Жумабеков,
К.Э.Осмонов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Ф.Ш.Кулов,
К.Осмоналиев - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
К.С.Асанов,
Т.З.Зулпукаров - КСДП депутаттык фракциясынан;
А.А.Досалиев,
Р.Б.Жээнбеков - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
К.С.Айтматов,
Т.У.Шайназаров - "Республика" депутаттык фракциясынан.
3. Убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына депутаттык териштирүүнүн натыйжалары жөнүндө бир айлык мөөнөттө маалымдасын.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон