Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ЖК «2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыныниши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынтөрагасы М.О.Алапаевдин отчету тууралу» токтом у
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 11-декабры № 1553-IV 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыныниши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынтөрагасы М.О.Алапаевдин отчету тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.О.Алапаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
- өлкөнүн экономикасынын макроэкономикалык билдирилген көрсөткүчтөрүнө жетишүү максатында макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясатты жүргүзүүдө координациялык ишти күчөтсүн;
- 2006-жылдын 27-январындагы N 45/36/6 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун кызматкерлерине эмгек акыны коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу төлөп берүү жөнүндө" жана 2006-жылдын 4-октябрындагы N 718 "Кыргыз Республикасынын экономикасында нак акчасыз эсептешүүлөргө өтүү боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун аткарылышын камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын портфелинде калган мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмдөрүн унификациялоо боюнча чараларды көрсүн;
- ипотекалык жана башка заемдорду рефинансылоонун мамлекеттик сатып алуу фондун түзүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди, ошондой эле 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда белгиленген кемчиликтерди четтетсин;
- баалардын жалпы деңгээлин кармап калууну жана алардын туруктуулугуна жетишүүнү камсыз кылсын;
- коммерциялык банктар тарабынан кризиске каршы пландарды ишке ашыруунун мониторинги жана банк иши менен финансылоонун ислам принциптерин өнүктүрүүнү кошуп алганда банк продукцияларынын спектрин кеңейтүү жолу менен банк кызматтарынын рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу боюнча ишти улантсын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын "Ак-Банк" ААКсы тарабынан төлөнүп берилишин камсыз кылуу боюнча мыйзамдар менен каралган бардык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырсын;
- банк тутумунда монополияны болтурбоо, ошондой эле банктар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспарентүүлүгүн камсыз кылуу максатында коммерциялык банктар менен банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин депозиттерине жана кредиттерине пайыздык ставкаларды жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн;
- банктар менен банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин жана кардарлардын (ссуда алуучулардын) ортосундагы милдеттүү калыс укуктук мамилелерди кароочу талаптарды иштеп чыксын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А. Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №718 " Кыргыз Республикасынын экономикасында накта акчалай эмес эсептешүүгө өтүү боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө"…Постановление · 04.10.2006 · № 718 · Күчүн жоготкон