Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын экономикасында накта акчалай эмес эсептешүүгө өтүү боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө» токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 мая 2019 года № 200 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-05-02.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-октябры №718
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын экономикасында
накта акчалай эмес эсептешүүгө өтүү
боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө
Финансылык агымдардын жана акчалардын жүгүртүлүшүнүн ачыктыгын
күчөтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, коррупцияга, кылмыштуу
жол менен алынган акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого каршы
күрөштүн чараларын катаалдатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери
жана администрациялык ведомстволору, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарла-
рынын мэриялары:
- аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыларды
2007-жылдын 1-январынан кечиктирбестен коммерциялык банктардагы эсептер
жана кассалар жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү
аркылуу алууга өтүү боюнча чара көрүшсүн;
- жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2007-жылдан
10-январына чейинки мөөнөттө билдиришсин.
2. Акцияларында мамлекеттин үлүшү бар, калкка туруктуу кызмат
көрсөтүүчү карањыз) (жылуулук, газ, суу, электр менен кам-
сыздоо, телефон байланышы, камсыздандыруу взностору) чарбакер субъект-
терге сунушталсын:
- ички кассаларды жабуу жана 2007-жылдын 1-январынан кечиктирбес-
тен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акыларды коммерциялык
банктардагы эсептер жана кассалар жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик иш-
канасынын бөлүмдөрү аркылуу алууга өтүү боюнча чара көрүү;
- жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2007-жылдан
10-январына чейинки мөөнөттө маалымат берүү.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыр-
гыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы 2006-жыл-
дын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө арналган нормативдик укук-
тук актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна беришсин:
- юридикалык жактардын жана юридикалык жак түзбөгөн жеке ишкерлер-
дин кассаларында акча каражаттын калышын Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында каралгандан башка учурларда кассадагы күндүк орточо жүгүртүүнүн
жалпы көлөмүнүн 10 процентинен ашпаган өлчөмдө чектеп, акча каражаттын
лимиттен ашык калдыгын коммерциялык банктагы алыш-бериш эсепке үч иш
күндө бир жолудан кем эмес тапшырып турууга.
Кассалардагы калдыктын лимитинин сакталышын контролдоо Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясына жүктөл-
сүн;
- бүтүмдүн бардык түрлөрү үчүн накта акчалай түрдө эсептешүү жүр-
гүзүү үчүн чектик сумманы 100000 (жүз мињ) сом өлчөмдө белгилөөгө. Мын-
да көрсөтүлгөн чектик суммадан ашкан бардык эсептешүүлөр накта акчалай
эмес түрдө гана жүргүзүлөт.
4. Коммерциялык банктарга төмөнкүдөй багыттар боюнча ишти актив-
дештирүү сунушталсын:
- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акыларды алууну кам-
сыздоо үчүн филиалдардын жана сактык кассалардын тармагын кењейтүү;
- экономикада акчалай эмес эсептешүүлөрдүн көбөйүшүнө түрткү берүү
үчүн жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн жүргүзүүгө
тарифтерди азайтуу;
- банктык төлөө карталары, жолдук чектер жана акчалай эмес эсепте-
шүү боюнча башка төлөмдүк каражаттар менен эсептешүү системаларын тей-
лөө жана киргизүү;
- юридикалык жактар жана соода, коомдук тамактануу жана кызмат
көрсөтүү чөйрөсүндө чарбалык иш жүргүзүшкөн жеке ишкерлер, автомашинага
май куюучу станциялар, калктан накталай акча алуучу башка пункттар ме-
нен банктык төлөм карталарын пайдаланып акыларды кабыл алууга жана
аларды соодалык терминалдар менен камсыздоого келишимдерди түзүү.
5. Юридикалык жактарга жана соода, коомдук тамактануу жана кызмат
көрсөтүү чөйрөсүндө чарбалык иш жүргүзүшкөн жеке ишкерлерге, автомаши-
нага май куюучу станцияларга, калктан накталай акча алуучу башка пункт-
тарга банктык төлөм карталарын пайдалануу менен акыларды алуу үчүн соо-
далык терминалдарды коммерциялык банктар менен макулдашуу боюнча ижара-
лык шартта же өздүк эсебинен ачуу сунушталсын. Товарлар жама көрсөтүл-
гөн кызматтар үчүн акыны банктык төлөө карталарын колдонуп төлөөдө бе-
рилген терминалдардын, банкоматтардын чектери товарларга жана кызмат-
тарга акы төлөнгөнүн ырастоочу документтерге тењештирилет.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) 2007-жылдын
15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун 1 жана
2-пункттарынын аткарылышы жөнүндө маалымат беришсин.
7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.
Эскертүү:
(*) - коммерциялык банктардын кассалары жана филиалдары, "Кыргыз-
почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү жок республиканын алыскы ре-
гиондорунан башкаларга.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шаардык кенешинин 2010-жылдын 27-майынын №187 "Бишкек шаарынын аймагында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана к?м?? боюнча кызматтар ?ч?н т?л?мд?рд? кошуп…Постановление · 27.05.2010 · № 187
- КР ЖК 2009-жылдын 11-декабрындагы № 1553-IV "2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыныниши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынтөрагасы М.О.Алапаевдин отчету…Постановление · 11.12.2009 · № 1553-IV
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 200
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 200